Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Акимов, саясат талдоочу: “Бийлик Ленин округунан өз талапкерин колдоп коёру шексиз”

Турат Акимов, саясат талдоочу: “Бийлик Ленин округунан өз талапкерин колдоп коёру шексиз”

23-май, 09:00
694 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турат агай, бир эле Ленин районунан 32 талапкер катталып, атаандаш болушууда. Эми алардын арасынан татыктуулары тандалабы? Купулуңузга толгону барбы?

-- Бул жолу деле бийлик өз талапкерин колдоп коёрунда шегим жок. “Зым үзүлдү, компьютер бузулду” ж.б. шылтоо жетиштүү. 12-майда Садыр Жапаров  Бишкектин Ленин районунан Жогорку Кеңешке аттанган талапкерлер менен жолугушту. Жыйында ал "шайлоо жараяны чоң саясый окуя болуп саналат. Андыктан ага көңүл буруп, аны ачык жана таза өткөрүү маанилүү" деп койду.

-- Негизи бийликтин шайлоо иштерине көзөмөл кылууга укугу барбы?

-- Биринчиден, президент аткаруу бийликтин башчысы катары өз алдынча эгемен мыйзам чыгаруучу эл өкүлдөр бутагынын курамына кийлигишүүгө укугу жок. Экинчиден, үгүт мезгилинде президент БШКнын жетекчиси менен бирдикте талапкерлерге коомдук басым көрсөтүүгө (коркутууга, каралоого же басмырлоого) барбаш керек. Талапкерлер менен жолугушууга бир гана БШКнын жетекчиси укуктуу, а башкы прокуратура көзөмөлдөөгө жана мыйзамсыздыкты токтотууга тийиш...

Бирок, бизде баары кошомат. ЖК талапкерлери президенттин сөздөрүнө кол чапканына караганда, алар өз укуктарын түшүнбөйт жана билишпейт. Ошондон улам булардын саясый келечеги эркин болору күмөн ой жаратты. Булар бүгүн эле «хоп, майли!» экен. Бул таризде мыйзамсыз жолугушуудан баш тарткан жалгыз талапкер №3 Өмүрбек Суваналиев жана анын өкүлдөрү болду. “Өлкөнүн мыйзамдарын түшүнүү, өзүңдүн жана башкалардын укугун билүү” деген ушул талапкерде гана бар экен. Эгерде талапкер өз укугун коргой албаса, ал шайлоочуларынын укугун коргой алабы? Албетте, эч качан!.. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер