Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 1-туру башталды

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 1-туру башталды

14-июль, 13:05
590 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     13-июлда 2026–2027-окуу жылына Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун биринчи айлампасы башталды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.

     Документтерди кабыл алуу жана конкурстук тандоого катышуу “Абитуриент онлайн” платформасы (2020.edu.gov.kg сайты) аркылуу онлайн форматта жүргүзүлүүдө. Мектеп бүтүрүүчүлөрү тийешелүү окуу жайды тандап, тестинин жыйынтыгын таштайт, ким кабыл алынып, ким өткөнү онлайн көрүнүп турат.

Кабыл алуу өнөктүгү беш негизги тур менен өткөрүлөт. Биринчи тур 13-июлдан, экинчи тур 20-июлдан, үчүнчү тур 27-июлдан, төртүнчү тур 3-августтан, бешинчи тур 10-августтан башталат.

     Ар бир турдун алкагында абитуриенттерди каттоо, окууга сунушталган талапкерлердин тизмесин жарыялоо жана алардын тандаган жогорку окуу жайында билим алууга макулдугун ырастоо этаптары жүргүзүлөт. Бешинчи тур аяктагандан кийин бош орундар калган учурда, 22-августка чейин рейтингдик тизмелердин негизинде кошумча кабыл алуу жүргүзүлөт.

     Жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) кабыл алуу ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлүүдө. Искусство жана дене тарбия багыттары боюнча гана кошумча кирүү сынактары белгиленген тартипке ылайык өткөрүлмөкчү.

     Министрлик абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүнүн ар бир этабынын мөөнөттөрүнө кылдат көңүл бурууга жана кабыл алуу боюнча макулдугун автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу өз убагында ырастоого чакырат.

Расмий маалыматка караганда, быйыл 11-классты 80 миңден ашуун окуучу аяктады. 9-классты аяктап жаткандар 136 миңдин тегерегинде болду.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер