Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Окуучуну колдоп, мугалимди айыптагандарды туура көрбөйм”

Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Окуучуну колдоп, мугалимди айыптагандарды туура көрбөйм”

06-март, 19:11
376 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Динара айым, кечээ жакында Баткендеги райондордун биринде окуучунун мектепке күчүк алып барганы коомчулукта аябай талаш пикир жаратты. Сиздин оюңузча, окуучуну тилдегени үчүн мугалимдин кечирим сураганы туура болдубу?

-- Мен да мугалим кечирим сурап жатканын социалдык тармактардан көрүп калдым. Бала тартип бузуп жатса, ал эмне үчүн кечирим сурашы керек? Мугалим тентектик кылган окуучуну тартипке чакыра албаса, башкалар да андан үлгү алышат да, мугалимдерди тоготпой калат. “Мен ушу жаныбарды жакшы көрөм” деп эле мектепке алып бара берсе болобу? Биз биринчи адамды: өзүбүздүн ата-энебизди, бир туугандарыбызды, мугалимдерибизди жакшы көрүп, андан кийин гана жаныбарларга көңүл бурушубуз керек. Ошондуктан, мен кээ бир коомдук ишмерлерибиз да баланы колдоп, белектерди жөнөтүп, мугалимди айыптаганын туура көрбөдүм. Мындай учурда балага “сеники туура эмес болду, эми андай кылбагын” деп түшүндүрүш керек болчу. Мугалимдин бул жерде күнөөсү жок. Анын катуу айтканга акысы бар. Биз баарыбыз эле окуучу болгонбуз, сабак эмес учурда деле агай-эжейлерибиз көчөдөн көрүп калса, “эмнеге сабак аткарбай жүрөсүң?” деп урушат эле. Ошонун натыйжасында биз жакшы билим, тарбия алганбыз.

-- Сиздердин кесиптештериңиздер дал ошол мугалимдин кадыр-баркын көтөрүү, анын укугун коргоо боюнча бир мыйзам долбоорун сунушташты эле. Ага карата сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Мен ал мыйзамды колдоп бергем. Анткени, анда мугалим туура талап койсо деле окуучунун ата-энеси келип, чыр чыгарган учурларда административдик айыптар каралган. Анан кечээ мен ойлондум, жанагындай учурлар болуп калсачы? Окуучу өзү тартипти бузуп, мугалим туура талап коюп атса, анда кандай болот? Демек, мыйзамды кийинки окууларда караганда, ушундай жагдайларды да эске алыш керек окшойт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер