Кадыр Кошалиев: “Электрондук курултай системасын ишке киргизүү оюбузда бар”
Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев соңку иштери, келечек пландары боюнча ой бөлүштү.
-- Кадыр агай, элдик курултай өткөнүнө бир айдан ашык убакыт болду. Бир топ руханий-социалдык, экономикалык ж.б. маселелер көтөрүлдү эле. Берилген убадалар аткарылабы? Себеби, курултайдын мындан аркы келечегине кызыккан окурмандар арбын.
-- Курултай өткөндөн кийин редакциялык топ дагы бир жума отуруп жыйынтык документтин үстүнөн иштеп, элден түшкөн ой-сунуш, долбоор, концепцияларды жалпылап, резолюцияга толуктап киргизип, декабрдын биринчи он күндүгүндө жарыяладык. Ал документ тийиштүү бийлик бутактарына жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Курамаевич менен жекеме-жеке жолугушуп, курултайдын резолюциясын расмий тапшырдым. Айрыкча ал жолугушууда резолюцияда жазылган чек ара жана камалгандардын маселелерине маани берилип, алардын тагдырына адилет, калыс карап, үй камагына чыгаруу боюнча сунуштар талкууланды.
Азыр биринчи элдик курултайдын болуп өткөнүнө кырк күндөн ашык убакыт болуп калды. Курултай өткөндөн кийин эки күндөн кийин, 29-ноябрда элдик курултайдын туруктуу иш алып барган жетекчилигинин өкүлдөрүн президент резиденцияда кабыл алып, ал жерде да бир топ маселелерди сүйлөшкөнбүз. Мисалы, чет өлкөдөн келген этникалык кыргыздарды кодулоо-каралоону токтотуу, кайра аларды депортация кылууга жол бербөө маселеси президент тарабынан кесе айтылып, эгер каны кыргыз болсо, өз каалоосу менен Кыргызстанга жашаганы келсе, кайрылман укугун берип, атуулдугун ыйгаруу суроо-талабы жеринде чечилгендигин айта кеткеним оң. Курултайдын жүрүшүндө ушуга окшогон 2000ден ашык суроо-талаптар, сунуштар, долбоорлор түшкөн. Анын баары министрликтерге жөнөтүлүп, бүгүн көзөмөлдө турат. Алардын дээрлик көпчүлүгү быйылкы жылдын бюджетине кирип, чечиле турган багытка кетти. Жыйында Баткен окуясынан кийинки бир топ маселелер боюнча дагы айтылган. Ошол негизде президент жаңы жыл алдында атайын барып үйлөрдүн курулушу, элдин турмушу менен жеринде таанышып, ал жактагы кээ бир кемчиликтерди сая көрсөтүп, жооптууларга милдет тагып, калганын жергиликтүү бийликтегилерге тапшырмаларын берип келгенин коомчулук билет.
-- Аймактардагы курултайдын ишмердүүлүгү жөнүндө да айта кетсеңиз?
-- Биринчи элдик курултай аяктагандан баштап эле жер-жерлерде жандуу иштер колго алына баштады. Алсак, 7-декабрда Жалал-Абад облусунан шайланган курултайдын делегаттары облуска чогулуп, губернаторунун катышуусунда маселелерди карап, облустук, райондук, айыл аймагынын деңгээлиндеги маселелерди чечүү жоопкерчилигин жергиликтүү бийлик менен бирге өздөрүнө алып, ал эми республикалык деңгээлде чечиле тургандарын мамлекеттик маселе катары алып чыгуу боюнча макулдашышты жана атайын иш топтом кабыл алышты. Ушуга окшош эле жыйын 12-декабрда (Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө) Таласта болуп өттү. Мен ага барып катыштым. Ал жерде дагы аябай жакшы иштиктүү кеңешме болду. Губернатордун биринчи орун басары, акимдер, Талас шаарынын мэри катышты. Бул иш-чара Талас облусунан I элдик курултайга делегат болуп келишкен 72 мекендешибиздин демилгеси менен уюштурулуп, каржысын да өздөрү көтөрүштү. Ал жерде деле облустук деңгээлдеги маселелерди жеринде чечүү каралды. Шекер айылында башталып, аягына чыкпай турган “Чыңгыз Ордо” комплексин аягына чыгарып, Чыңгыз Айтматовдун 95, 100 жылдыгына чейин сапаттуу бүткөрүү ж.б. маселелер көтөрүлдү.
Бизге жакын эле Сокулук районуна караштуу Крупская деген айыл өкмөт бар. Ошол жерде он жылдан бери элдик курултай институту айыл өкмөтүнүн деңгээлинде иштеп, жакшы натыйжаларын берип келет. Бизди атайын чакырышкан экен, эки-үч адам болуп барып, жыл жыйынтыктаган жыйынына катышып келдик. Курултайга райондун акими, райондук жетекчилер келип элди угуп, маалымат берип, “арай көз чарай” жыйын болуп өттү. Биз да жыйындарга катышып, үлгү тутар иштер болуп жатканын жер-жерлерден көрүп жатабыз.
-- Сиздердин алдыңыздарда турган эң зарыл маселе бүгүнкү күндө кайсы?
-- Биздин алдыбызда Башмыйзамдын жана учурдун талабына ылайык “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш аркылуу кабыл алдыруу маселеси турат. Анын долбоору даярдалган, азыр кошумча-алымчалар киргизилип, кайрадан каралууда. Жакынкы келечекте бул маселе да ынтымак, биримдик менен ишке ашарына ишеним бар.
-- Элдик курултайдын туруктуу иш алып барган аксакалдар кеңешинин иш багыттары жөнүндө да айтсаңыз?
-- Биринчи элдик курултайдын жүрүшүндө 21 кишиден турган, туруктуу иш алып барган аксакалдар кеңеши шайланган. Туруктуу иштеген структуранын аталышы “Аксакалдар кеңеши” деп азыркы убактылуу жобого жарыялангандыктан, ошол бойдон мыйзамы кабыл алынганга чейин калды. Бирок алардын курамында жаштар да, аялдар дагы бар. Аталышы боюнча дагы ар кандай ойлор айтылып жатат. Мүмкүн аны мыйзамды кабыл алып жатканда “Улук кеңеш”, “Курултай кеңеш”, “Төр кеңеш”, Президиум ж.б. аттар менен алмаштыруу зарылдыгы айтылууда. Ал эми аксакалдар кеңеши өз ыйгарым укуктары менен ошол эле мыйзамда ордун табуусу шарт.
Ошол туруктуу иштеп жаткан аксакалдар кеңеши жети багытта иш алып барып жатабыз. Биринчиси – аксакалдар маселеси боюнча. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 6-7 аксакалдар уюму бар экен. Ошону бир күчтүү улуттук аксакалдар кеңешине бириктирүү зарылдыгы көрүнүүдө. Жакында Кыргызстандагы аттуу-баштуу аксакалдар менен мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун катышуусунда ушул маселеге кайрылмакчыбыз. Экинчиси – билгилер тобу иштеп баштады. Үчүнчүсү – аялдар, төтүнчүсү – жаштар, бешинчиси – аймактар боюнча, алтынчысы – чет өлкөдөгү кыргыздар, жетинчиси – элдик демилгелер борбору, мындайча айтканда, маалымат талдоо ордосу иштейт. Ушул жети багыт боюнча иштерди алып барабыз. Ал эми жакынкы келечекте элдик курултай тууралуу мыйзам кабыл алынып калса, ошол мыйзамдын негизинде дагы биздин ишмердүүлүк өзүнүн ишин улантат. Бүгүнкү күндө 1074 делегат менен карым-катнашта иш жүрүп жатат. Андан тышкары, жергиликтүү делегаттар бар. Бул өзүнчө бир чоң социалдык базага айланып калды. Өзүнүн электрондук сайтын түзүп, коомдо болуп жаткан тигил же бул маселелер боюнча делегаттардын пикирин берип туруу максатында сайтын ачып, “Электрондук курултай” деген системаны киргизүү оюбузда бар.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити