Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ИИМ жарандарды чагымчыл билдирүүлөрдү таратпоого чакырат

ИИМ жарандарды чагымчыл билдирүүлөрдү таратпоого чакырат

16-ноябрь, 12:18
227 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууга) козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырат. "ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирүүлөр активдүү жарыяланууда. Учурда өлкөдө коомдук-саясый абал туруктуу. Күч түзүмдөрү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүп жатат. Аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертебиз" деп жазылат мекеменин маалыматында.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер