Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Умбриел Темиралиев: “Биздин бүгүнкү күндүн каармандары ишкерлер болуп саналат”

Умбриел Темиралиев: “Биздин бүгүнкү күндүн каармандары ишкерлер болуп саналат”

22-октябрь, 12:00
393 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору менен маек.

-- Жаңы кызмат ордуңуз кут болсун! Негизи эле бүгүнкү күндө экономиканын кыймылдаткычы ишкерлер болуп турат. Ошону менен бирге алар колдоого, коргоого да муктаж. Кандай жаңы иштер болот?

-- Биринчи кезекте менин дайындалганымды оң кабыл алган адамдардын баардыгына ыраазычылыгымды билдирем. Мамлекет жетекчилиги инвестицияны тартуу жана экспортту илгерилетүү боюнча бирдиктүү терезени биздин жоопкерчилигибизге өткөрүп берүү менен чоң ишенимин артууда. Биз Кыргызстанга түз инвестиция тартуу боюнча орто мөөнөттүү стратегиянын, ошондой эле экспортко багытталган компанияларды чет өлкөлүк рынокторго илгерилетүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Сиз белгилегендей, биздин күндүн каармандары ишкерлер болуп саналат, алар өздөрүн аябастан, туугандарын жана жакындарын баардык ыңгайлуулуктардан ажыратып, чыдамдуулук менен кыйынчылыктарды жеңип, өз максаттарынан тайбай, ишкананын ийгилигине иштешет.

Улуттук агенттик өз ишин ак ниеттүү жүргүзгөн, салыктарды туура төлөгөн жана миллиондогон үй-бүлөлөрдү жумуш менен камсыз кылган атамекендик ишкерлерди колдойт. Ошондуктан жетилген инвестиция долбоорлору бар баардык ишкерлерди жумушчу жолугушууга чакырабыз. 

-- Аларга кандай жардамыңыздар болот?

-- Бизнес долбоорлорду жакшыртууга, өлкө аймагында жана аймактан   тышкары баардык жеткиликтүү аянтчаларда ишкерлердин долбооруна инвестиция тартуу үчүн максималдуу күч-аракет жумшоого, ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө аракет кылабыз.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер