Акыркы кабарлар
» Коом » Бийлик Баткен облусун калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом бөлдү
Бийлик Баткен облусун калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом бөлдү
04-октябрь, 12:25

Финансы министрлиги Тажикстандын куралдуу кол салуусунда талкаланган аймактарды калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом бөлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматта бул каражат президенттин “Баткен жана Ош облустарынын администрациялык аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында “Капиталдык салымдар” беренесинин 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен каралганы айтылат. "Каражаттар талкаланган аскердик жана жарандык инфраструктураны калыбына келтирүүгө, курууга, анын ичинде социалдык, ирригациялык объектилерди курууга жана капиталдык оңдоого, калкты таза суу менен камсыздоого, турак жай салууга, ошондой эле жолдорду реконструкциялоого жумшалат" деп айтылат маалыматта.










