Акыркы кабарлар
» Коом » Нарис Калчаев, жарандык активист: “Центерра” менен “нике кагазына” келгенде маселе жаралууда”
Нарис Калчаев, жарандык активист: “Центерра” менен “нике кагазына” келгенде маселе жаралууда”
07-июль, 20:26


-- “Талак” берерин берип алышып, “нике кагаздарына” келгенде маселе жаралып жатат. 25-июлда “Центерранын” акционерлери, директорлор кеңеши келишимди карап чыгып, акыркы сөзүн айтышат. Ошондон кийин “нике кагаздары” официалдуу түрдө күчүн жоготот. “Центеррага” коюлган баардык соттук доолор алардын пайдасына чечилиш керек болчу, ошол себептен биздин бийлик дээрлик доолорду тездик менен карап чыгып, алардын тарабына чечип беришти. Төрт жаран берген экологиялык чыгымдар азыр шаардык сот менен “Центерранын” пайдасына чечилди. Жогорку сотко даттануу арызды бербей күтүп турабыз, үч айлык мөөнөт бар, акыркы мөөнөтү 24-августта бүтөт. Биздин арызды күтүп жаткандай “Центерра” тарап дагы Жогорку соттун чечимин алып, анан макулдуктарын беришет өңдөнөт.
Сурат Жылкычиев