Каныбек Осмоналиев, профессор: “Мени Садыр Жапаров менен Медет Букуев сүйлөштүргөн...”


“2020-жылдын 2-мартындагы Ала-Тоо аянтындагы мен уюштурган тынчтык митинги ошол кезде түрмөдө отурган саясатчы Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылган эле аракетибиз болчу! Анда “президент бол” деп чыккан эмеспиз. Биз президент Сооронбай Жээнбековдон “Садырга мунапыс берип кой, бейкүнө отурат. Ал Алмаз Атамбаевдин каардуу саясатынын курмандыгы болду. Эл талап кылып жатат!” деген чакырыктар менен чыкканбыз...” деп эскерүүсүн баштады профессор Каныбек Осмоналиев.
-- Агай, сизди белгилүү окумуштуу, принципиалдуу саясатчы катары жакшы билебиз. Анан кандай себептерден улам митинг уюштуруп, ошол кездеги келечеги деле бүдөмүк болгон Садыр Жапаровдун эң “фанатик күйөрманы” катары чыга келдиңиз?
-- Абдан катуу суроо бердиң го? (Күлүп.) Билесиңби? Өзүм дагы бүгүнкү күнгө чейин таңгалам. Бир гана байбичем Чынарга айткан сөзүм бар: “Мен мындан ары Алмаз Атамбаев менен анын досунун цирк кылып мамлекетти башкарып жаткандарына чыдай албайм. Сен дагы даяр бол, байбиче! Мени камап коюшары мүмкүн! Садырга баш-отум менен күйөм” деп. Айрыкча, Садырдын баласы мотоцикл менен бара жатып каза болгону менин ички дүйнөмдү аңтар-теңтер кылган. Ар бир адам – абдан татаал жана уникалдуу феномен. Анткени, аны жарык дүйнөгө алып келген Жаратуучу өзү билип, ага пейилди, мүнөздү жана кайратты башынан эле энчилеп коёт. Мындай касиеттен эч качан чыга албайбыз. Мен чоң атам Абдираимден (анын колунда мектепке барганга чейин жашадым, тарбиясын алдым) жана өз атам Осмоналиден таза жашоо – бул эң чоң баалуулук экендигин сезип-туюп чоңойдум. Менин бир туугандарым дагы ошондой тарбияны алып жетилишти.
Эми сенин сурооңо келсем, ооба, мен Садыр иним менен мурда тааныш деле эмес болчумун. Бир гана 2008-жылы президент Курманбек Бакиев мени билим берүү министрлигинен дин комиссиясынын төрагасына которуп койду! Анан Киев көчөсүндөгү Госагропромдун имаратынан мага офис беришти. Көрсө, Садыр дагы “Коррупция” боюнча комиссар деген макамы менен ошол имараттан орун алган экен! Бирок, кездешип мамиле деле кылган эмеспиз. Болгону ал экөөбүз 2010-жылкы катаал төңкөрүштөн кийин Жогорку Кеңешке эки башка саясый партиялардан депутат болуп келгенибизден улам таанышып калганбыз. Ошондо эле Садыр башка депутаттардан айырмаланып, курч көйгөйлөрдү көтөрүп жүрчү. Айрыкча Кумтөр маселеси боюнча. Мен анын мындай аракетин абдан жогору баалап жүрдүм. Анан 2012-жылдын күзүндө Садыр менен Камчы Ташиев Жогорку Кеңештин алдында Кумтөр боюнча митинг уюштурушту. Президент Атамбаевдин доору жүрүп турган кези болчу! Андан кийин Камчы иним ЖКнын тосмосунан секирип кетти...
-- Агай кандай болгон күндө дагы сиз аброюңуз менен Садыр Жапаровго күйүп-бышып жүргөнүңүздү билебиз. Мына 2-мартта Ала-Тоо аянтындагы атактуу митингге 6 жыл толууда. Биздин эсибизде, сиз трибунада туруп алып, Садыр Жапаровго күйүп жаттыңыз... Ушундай жолду тандаганга ким суранды эле?
-- Медет Букуев суранган. Ал азамат мага телефон чалып, Садырдын түрмөдөгү абалын айтты. “Садыр Жапаровду коргоо боюнча аракетибизди бийлик тоготпой калды. Каке, сага окшогон абройлуу адам керек болуп жатат” деди. Анан эле Букуев “мен сизге барайын” деди. “Макул” дедим! Биз жолуктук. Мени чакырып, машинасына отургузду. Анан түрмөдө отурган Садырга телефон чалып, мага кармата салды. Садыр абдан сүйүнүп: “Агай, мен сизге ишенем. Ошол стихийний митингдерге бөгөт коюп, бир цивильный жолго түшүргүлөчү!” деди. Мен макул болдум. Анан Садырдын өмүр-баянын изилдедим. Баары жакшы. Эл үчүн күйгөн жигит экенин чогуу депутат болгондо эле сезгемин. Анан Садыр Жапаровду коргоо комитетин түздүк. Мени төрага кылышты. Садырдын аялы, бир туугандары Сабыр, Дөөлөттөр катышышты.
-- Агай, карапайым окурмандар мындай ички кубулушту билишпейт эмеспи. Митинг уюштурдуңуз. Анан сизди камап коюшту! Канча ай жаттыңыз?
-- УКМКнын түрмөсүндө 4 ай жаттым. Болгону 2 жолу сурак кылышты. Акыры ковид жугуп, түрмөдөн чыгарышты! “Манас” аэропортунун жанындагы “Ганси” базасына жаткырып коюшту. Сатурациялык көрсөткүчүм 36га түшүптүр! Кан куса баштадым! Акыры уулдарым үйгө алып келишти. Жараткан колдоп, айыгып кеттим! Ошол күндөрүмдү эстегим деле келбейт. Өлкөбүз тынчтыкта болсун!
Акын Бекчороев











