Акыркы кабарлар
» Коом » 520 миң долларга айыпталган Жусубалиевдин жаза мөөнөтү кыскарып, коррупция менен күрөшүүгө шек кетти
520 миң долларга айыпталган Жусубалиевдин жаза мөөнөтү кыскарып, коррупция менен күрөшүүгө шек кетти
14-октябрь, 12:15
420 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 2018-жылдын декабрь айында италиялык компаниядан 520 миң доллар пара алганы боюнча айыпталып, 14 жылга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык соту анын мөөнөтүн 12 жылга кыскартканын адвокаты Жыргалбек Бабаев ЖМКларга маалымдады. Эске салсак, Жусубалиевди “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “ири өлчөмдө пара алган” деп таап, коррупция үчүн 14 жылга Биринчи Май райондук соту эркинен ажыраткан. Эми болсо убакыттын өтүшү менен жаза мөөнөтү кыскарып, жеңилдетүү жолуна түшкөнүн кандайча түшүнөбүз? Уурдаган акчасынан сотторго бөлүшүп, эки-үч жыл отуруп эле кутулуп кетсе, анда Кыргызстандагы коррупция менен күрөшүүнүн “сынганы” ушулбу?..
Aryba.kg