Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » УКМК Казакпаевдин өлүмү тууралуу пост жазган журналистке эскертүү берди

УКМК Казакпаевдин өлүмү тууралуу пост жазган журналистке эскертүү берди

15-июнь, 11:45
408 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу социалдык тармакка жазган пикири үчүн журналист Канат Каниметовго эскертүү берди.

Атайын кызматтын бөлүм башчысы Бейшембаевдин колу коюлган эскертүүнү журналист Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда Канат Каниметов серепчи Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу социалдык тармактарда мамлекеттик мекемени негизсиз айыптаганы жазылган. Анын билдирүүсү чындыкка дал келбеси жана кандайдыр бир далил фактылар жок экени айтылат.

Канат Каниметов 10-июнда Фейсбукка Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча пост жазып, ага атайын эле медициналык жардам көрсөтүлбөй комага түшүп калгыча тергөө абагында кармап турушканын билдирген.

Ушундай эле эскертүү улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынан кийин оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековго да берилди. Ал 14-июнда атайын кызматта сурак берип чыкты.

Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “т ез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей каза болгон.

Анын жубайы Анар Казакпаева жолдошу УКМКда медициналык жардамды убагында албаганын, кыйноого кабылганын билдирген.

Камчыбек Ташиев коюлган дооматтардын баарын четке кагып, тергөө абагында маркумга дары-дармек берилип, убагында медициналык кароодон өтүп турганын айтты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер