Айдоочулук күбөлүк алуу азыр да татаал, эми мындан дагы машакатка айланса...


Учурда айдоочулук күбөлүк ала турган жарандарыбыз “Унаа” мамлекеттик ишканасы тарабынан оор экзаменден өтүп жатышат. Ириде 700 эрежени жаттап, ошонун ичинен бактыга туш келген 20 суроонун 18не туура жооп берсе өтөт. Мындай компютердик тест көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратууда. Акыркы жылдары гана ушундай татаалдаштырууга басым жасалды. Айтор, “Унаа” мекемесине топтолгон элдин маанайы жогорку жетекчиликке жетеби? Негизи айдоочулук күбөлүктү алуучуларды маанилүү гана эрежелерди билүүгө үндөп, жол кырсыктарына себепчи жагдайларды гана теорияга киргизип, дээрлик татаалдаштырууну жөнөкөйлөтүү керек эле. Тилекке каршы, мындан ары айдоочулук күбөлүк үчүн 10-14 ай окутуп, компютердик тестте жооп бере турган 700 суроону 2000ге жеткирүүнүн азабы канча? Жол кырсыктарын бетке кармап, өтө эле аша чаап кеткен жокпузбу? Көйгөйдүн башка да толгон-токой себептерине эмнеге баш оорутпайбыз? Кыскасы, суроолор көп.











