Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Манастын уулу Семетей» тасмасын колдогон көрүнүктүү ишмерлердин президент Жапаровго кайрылуусу

«Манастын уулу Семетей» тасмасын колдогон көрүнүктүү ишмерлердин президент Жапаровго кайрылуусу

10-май, 07:21
971 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу президент Садыр Нуркожоевич!

Сиздин колдооңуз менен “Манастын уулу Семетей” көркөм тасмасы тартылып

бүтүп-бүтпөй коомдо кызуу талкуу жаратты. Арийне, элдин басымдуу көпчүлүгү кино чыкканда көрүп, ой-пикир бөлүшүүнү жөн көрөт. Айрым манасчылар, тарыхчылар, коомдук ишмерлер аны күтпөй сын пикирлерди билдиришти. Ал түгүл, алардын кээ бирлери тасманы чыгарбоо талабы менен сизге кайрылышкан. Кыргыз кино тарыхында мындай уу-дуу түшүргөн кайчы пикирлер буга чейин кездешкен эмес. Бул – аталган тасманын кыргыз эли, коомчулугу үчүн өтө мааниге ээ экендигин айгинелейт.

Биз “Манастын уулу Семетей” тасмасын зор кызыгуу менен көрүп чыктык. Кино баштан-аяк ынтаа менен бир демде көрүлүп, элибиздин улуу чыгармасынын азыркы заман талабына ылайык экрандаштырылганына ыраазылык, кубануу сезимин тартуулайт.

Биринчиден, “Манастын уулу Семетей” кыргыз эли үчүн эң баалуу тасма болмокчу. Негизинен басымдуу көпчүлүгү “Манас” айтуучуларды укпаган, китеп окубаган азыркы муундарга Манас, Семетей, Бакай, Жакып, Сарытаз, Кыргылчал, Тазбаймат, Ысмайыл бабалар, Чыйырды, Каныкей, Бакдөөлөт, Кишимжан энелер ким, эмне деген инсандар, кандай жашоо образын жана принциптерди карманышканынан кеңири маалымат берүүчү таасирлүү чыгарма.

Экинчиден, тасманын сценарийи белгилүү акын-драматург Жалил Садыковдун элге кеңири сиңген “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде бүгүнкү эл аралык кино талаптарына ылайык түзүлүп, мыкты чыгармачылык топ күчтүү актёр, актрисалардын аткаруусунда жогорку деңгээлдеги көркөм тасма жаратышкан.

Үчүнчүдөн, жүздөгөн боз үйлөр тигилип, илгерки замандын кийимдерин кийинишкен миңдеген адамдар кылкылдап, Семетей менен Коңурбайдын согушунда он миңдеген жоокерлер жер жайнап, Кыргызстанда биринчи графика менен масштабы көтөрүлгөн, эл аралык аренага чыгууга жөндөмдүү тасма тартылгандыгы ыраазы кылат.

Тасма эл аралык “Бир алкак – бир жол” (“Жибек-жолу”), “Түрксой” уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү тарабынан жактырылып, Россия, Турция, Кытай, Индия өлкөлөрүнүн интернет, теле каналдарынын башчыларына, адистерине, прокатчыларына көрсөтүү уюштурулары жар салынды.

Айрым сынчылардын “Манастын уулу Семетей” тасмасын токтотуу пикирлеринин орунсуз экендигин белгилейбиз. Эл аралык кинонун талаптарына ылайык улуттар аралык жаңжалга чакырган, мамлекет кызыкчылыгына каршы келген, адамдар тобун басмырлаган, порнографиялык сценалар орун алса гана андай тасмаларга тыюу салынат. Анда да тийиштүү эпизоддорду кыскартып тасманы жарыялоого мүмкүнчүлүк берилет. Ал эми “Манастын уулу Семетейде” ал сыяктуу терс көрүнүштөр жок. Тескерисинче, Кыргыз элин, улуттук маданиятты өлкөдө гана эмес, ааламга даңазалоочу тасма болгондугуна, буйруса, элибиздин басымдуу көпчүлүк катмарынын эң сүйүктүү киносуна айланып, Кыргыз маданиятынын, идеологиясынын барандуу байлыгына айланарына, ошондо тасманын жаратуучулары мамлекеттик жогорку сый-ургаалдарга, сыйлыктарга татыктуу болооруна ишенебиз.

    

   Медеткан Шеримкулов – КР ЖКнын мурдагы төрагасы

 Кайыргүл Сартбаева – СССР жана Кыргыз эл артисти

 Роза Айтматова – коомдук ишмер

Дөөлөтбек Шадыбеков – Кыргызстан аксакалдар коомунун төрагасы

 Абдыкадыр Султанбаев – Кыргызстан журналисттер союзунун төрагасы

  Орозбек Алымжанов – “Мекенчил эл” партиясынын  координатору

  Жеңиш Качыкеев – атайын кызмат ардагери

 Эркин Жолдошалиев – ЖКнын 6-чакырылышынын депутаты 

 Айбек Карымов – КР эмгек сиңирген ырчысы 

                                   

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер