Бакыт Нурдинов: “Орозонун парзы – жеп-ичүүдөн, ушактан жана жыныстык байланыштан сактануу”

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы менен маек.
-- Бакыт мырза, 30 күндүк орозодо момун мусулмандар кайсы ишти кынтыксыз аткарышы керек?
-- Орозо – исламдагы беш парздын бири. Мындайча айтканда, Алланын мусулмандарга берген буйругу. Пайгамбарыбыз (саллоллоху алейхи ва саллам) “баардык нерселердин зекети бар. Дененин зекети – орозо кармоо” деп буюрган. Рамазан айында орозо кармоо – мусулмандардын парзы болуп эсептелет. “Орозо” деген сөздүн так мааниси “кандайдыр бир нерседен оолак болуу, бир нерседен тыйылуу”. Орозонун шарияттагы мааниси – милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң аткандан баштап, күн батканга чейин орозону бузуучу нерселерден, тактап айтканда, жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан тыйылуусу. Демек, орозонун парзы – жеп-ичүү жана жыныстык байланыштан сактануу. Орозо бир гана ашказандыкы эмес, тилдин, көздүн, кулактын орозосу болот. Бул – ушак сөздөн, бирөөнү жамандоодон, арам оокаттан, башкаларды капа кылуудан арылуу деген сөз.
-- "Айып күндөр" деп калышат, түшүндүрмөсүн берип койсоң?
-- Негизи орозо айында “айып күндөр” деген түшүнүк жок. “Орозону бузса кандай айып болот?” деген түшүнүк окшойт. Бул айда орозону атайылап бузса (тамак ичип алса, жыныстык катнаш кылса, кусса) анда 60 күн орозо кармаш керек же 60 кедейге тамак берип тойгузуш керек.
-- Соопчулуктун (садака, битир ж.б.) чеги барбы?
-- Алла Таала “адам баласынын башка күндөрү жасаган жакшы иштери жана амалдары өзү үчүн болсо, орозо айы мен үчүн жана анын сообун өзүм берем” деп айтат. Ошон үчүн орозо айында кармаган орозобуздун сообун бир Жараткан өзү берет. Ал эми орозо айында жакшы иштерди (ооз ачыруу, тамак-аш, кийим-кече таркатуу ж.б.) жакшылыктарды жана кайрымдуулук кылган адамдарга 10 эседен 700 эсеге чейин сообун берет.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити