Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кымбатчылыкка каршы натыйжалуу иштер жүргүзүлбөсө, эл ичинде социалдык чыңалуу жаралышы мүмкүн”

“Кымбатчылыкка каршы натыйжалуу иштер жүргүзүлбөсө, эл ичинде социалдык чыңалуу жаралышы мүмкүн”

26-август, 23:19
960 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азык-түлүк, эт-ашка карата кымбатчылык коомчулукта көп айтылып, нааразычылыктар жаралса да өкмөт тарабынан натыйжалуу аракеттер көрүлбөй келет. Элдин чыдамына кандай баа берсек болот?


Умар Анарбаев, серепчи:

-- Кыргызстанда акыркы мезгилде азык-түлүк, эт-аш сыяктуу негизги керектелүүчү товарлардын баасы тынымсыз кымбаттап, бул коомчулукта чоң нааразычылыктарды жаратууда. Калк турмушунун күнүмдүк деңгээлине түз таасир эткен мындай өзгөрүүлөр көпчүлүктүн чыдамына доо кетирип, бийликке болгон ишенимди бир аз солгундатып жаткандай.

Баалардын өсүшүнө бир нече себеп бар: өлкөнүн импортко көз карандылыгы, ички өндүрүштүн өнүкпөгөнү, айрым соода тармагындагы монополия жана ортомчулардын көбөйүшү. Ошондой эле элдин кирешеси өсүп жаткан бааларга жетпей, айрым катмарлардын жашоо деңгээли барган сайын начарлоодо. Жакырчылыктагы үй-бүлөлөр күнүмдүк азык-түлүктү сатып алууда да кыйналып калган учурлар көп кездешет.

Министрлер кабинети бул маселеге каршы кээде убактылуу чараларды көргөнү менен көйгөйдү системалуу жана туруктуу чечүү аракеттери жетишсиз болууда. Ички өндүрүштү колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эл менен ачык диалог жүргүзүү – азыр эң зарыл болгон кадамдар.

Эл азырынча чыдап жатат, бирок чыдамдын да чеги болот. Эгер кымбатчылыкка каршы чыныгы, натыйжалуу иштер жүргүзүлбөсө, нааразычылык социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүн. Андыктан, өкмөт элдин үнүн угуп, реалдуу чечимдерди кечиктирбей кабыл алышы керек.

Инфляция – бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деген жүйөнү келтирүү өкмөт үчүн уят эле нерсе. Өндүрүштөр ишке кирип жатканы менен айыл чарба министрлиги жана антимонополия иштеринде өксүктөр болуп жатат. Ошон үчүн малдын саны көбөйгөнүнө карабай эттин баасы барган сайын жогорулоонун үстүндө. Чынында эттин кымбаташы өкмөт менен антимонополиянын ишинин өксүгү.

Баса, өкмөт кийлигише турган дагы бир маселе бар: Таластагы дыйкандар өндүргөн төө буурчакты ортомчулар ала баштады. Былтыр 180ден сатылган түрү быйыл 100 сом болуп, дыйкандардын мээнети акталбай калууда. Өкмөт жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, керек болсо эл аралык келишим түзүп, Түркиядан келгендерге каалаган баасын коё бердиртпей, дыйкандардын мээнети актала турган бааны чыгарып беришсе болот эле. 


Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Супермаркеттерде сулп эттин баасы миң сомго чейин чыкты. Аны колунда барлар гана албаса, карапайым эл алалбайт. Муну көзөмөлдөгөн эч ким болбой жатат. Антимонополия чынын айтканда иштеген деле жок. Эгер антимонополия иштебесе, өкмөт өзү көзөмөлгө алып, эттин баасын турукташтырбаса, мындан да кымбаттап кетиши мүмкүн. Малчылар жылдагыдан чөп, жем кымбат боло баштаганын айтышууда. Ошон үчүн бул чоң маселени өкмөт гана көзөмөлгө ала алат. 

Айтмакчы, күйүүчү майлар дагы кымбаттап, бир литри 70-75 сомго чыкты. Дүйнө жүзүндө күйүүчү май арзандап жатса, бизде күндөн күнгө кымбаттап баратат. Өкмөт атаандаштыкты уюштуруп, күйүүчү майдын баасын арзандатышы керек. Россиядан эле ала бербей, Азербайжан, Кытайдан да алып, атаандаштыкты уюштурбаса, элди кымбатчылык кыйнай баштады. 


Чынара Мамажакыпова, “Тынчтык” партиясынын лидери:

-- Ооба, акыркы жылдары Кыргызстанда азык-түлүккө, өзгөчө эт жана негизги керектөөчү товарларга баанын өсүшү байкалууда. Чынын айтсам, бул багытта өкмөт кыска убакытта баа саясатына таасир этчү кандай иштерди алып барып жатканы тууралуу толук маалыматым жок. Бирок эт азыктарын сыртка чыгаруу боюнча чектөө киргизгенин окудум. Андан сырткары, бир килограмм эттин баасын 700 сомдон ашырбоо боюнча да иштер алып барылып атыптыр.

Ал эми жалпылап айтканда, билесиңер, керектүү азык-түлүктүн көбү бизге сырттан келет. Бул биз импорт товарларга көз карандыбыз дегенди түшүндүрөт. Ошон үчүн баа саясатына көп учурда таасир бере албай калабыз. Бирок жалпы жонунан азыр мамлекет өз өндүрүшүбүздү чыгаруу үчүн жеке ишкерлерге көп эле жардам берип атат. Былтыр өлкөдө 100 ишкана ачылган. Аларга азыр биз айтып жаткан азык-түлүк коопсуздугу жана башка да тармактар кирет. Ошондуктан азык-түлүк коопсуздугун толук камсыз кылуу үчүн импортту азайтып, жергиликтүү өндүрүшкө өтүүбүз керек. Буга албетте убакыт керек. Бирок азыркы бийликтин аракетин көрүп, эртеби-кечпи биз баага чечкиндүү таасир бере ала турган деңгээлге жетебиз деп ойлойм.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер