Улукман Мамытов, экономист: “ЕАЭБдин бирдиктүү энергорыногу Кыргызстанга эмне берет?”


-- ЕАЭБдин бирдиктүү энергорыногу тууралуу ой бөлүшсөңүз? Бул долбоор эмнени өзгөртөт?
-- Евразия экономикалык биримдиги чакан уюм болгонуна карабай, ресурстарга бай экономикалык биримдик. Бирдиктүү энергорынок түзүү демилгесин уюмдун флагманы десек да болот. Бул долбоор жок дегенде үч чоң жетишкендик алып келет. Биринчиси, туруктуулук. Бирдиктүү рынок түзүлгөндө, уюмга мүчө мамлекеттерде энергия тартыштыгы болбойт. Бул маселе келечекте дүйнөдө абдан курч туруусу мүмкүн.
-- Калган жетишкендиктери кайсылар?
-- Экинчиси, экспорттоо мүмкүнчүлүгү. Ар бир мүчө мамлекет өзүнүн энергия ресурстарын башка өлкөлөргө чыгара алат. Үчүнчүсү, өндүрүш тармагына түз таасир этет. Өндүрүш ишканаларынын дээрлик баардыгы энергиядан көз каранды, ошондуктан энергия жетиштүү болгондо экономика да тез өнүгөт.
-- Кыргызстан үчүн кандай артыкчылыктар болот?
-- Кыргызстан ресурсу бар өлкө катары бирдиктүү рынокто импорттоочу эмес, экспорттоочу мамлекетке айлана алат. Мындан тышкары, CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга да бул демилге чоң көмөк көрсөтөт. Натыйжада, өлкө өзү гана камсыз болбостон, үчүнчү мамлекеттерге да энергия экспорттой алат.
"Азия Ньюс" гезити











