Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кальмар оюну” сериалынын режиссеру экинчи сезон тууралуу айтып чыкты

“Кальмар оюну” сериалынын режиссеру экинчи сезон тууралуу айтып чыкты

10-ноябрь, 19:23
978 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Популярдуу болуп жаткан “Кальмар оюну” сериалынын режиссеру жана сценаристи Хван Дон Хек Лос-Анжелесте болгон иш-чарада сериалдын экинчи сезонун күтүп жаткандарга маалымат берди. Режиссер сериалдын уландысы тартыла турганын, бирок азыр пландоо баскычында гана иштер жүрүп жатканын тастыктады.

“Экинчи сезон тууралуу көп суроо, көп басым жана көп жактыруулар айтылды. Ошондуктан бизде тандоо калбай калды. Мен экинчи сезон тууралуу азыр да ойлонуп жатам. Учурда пландоо баскычында турам. Бирок сериалдын качан тартыларын айтуу эртелик кылат” деди Хван Дон Хек.

Ошондой эле ал экинчи сезондо башкы каарман Сон Ки Хун кайтып келерин убада кылды. 

Эскерте кетсек, Түштүк Кореянын “Кальмар оюну” сериалы сентябрь айында “Нетфликске” чыгып, бул сервистин эң таанымал жана оргиналдуу сериалы болуп калды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер