Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте 30 жаштагы адам түтүнгө ууланып каза болду

Бишкекте 30 жаштагы адам түтүнгө ууланып каза болду

10-ноябрь, 11:48
556 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун Күйүкова көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 30 жаштагы тургун иске ууланды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, үйдүн 90 чарчы метр чатыры, үй тиричилик буюмдары күйгөн. Түнкү саат 3:30да өрт өчүрүүчүлөр тартылып, эки саатта толук өчүрүлгөн. Көмүр кычкыл газына ууланган 30 жаштагы тургун “тез жардам кызматына өткөрүлүп берилип, ооруканага жетпей каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2021-жылдын тогуз айында 3000ден ашуун өрт кырсыгы катталып, былтыркыдан 30%га өстү. Быйыл он айда 30га жакын адам, 2020-жылы 14 адам өрттөн каза болгон.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер