Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Кыргызстанда коронавирустун көбөйүү коркунучу бар
Кыргызстанда коронавирустун көбөйүү коркунучу бар
11-октябрь, 17:54

Кыргызстанда коронавирус оорусунун анча чоң эмес көбөйүү коркунучу бар. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, август айынан бери коронавирус оорусунун төмөндөшү байкалса дагы, анын орточо репродуктивдүү санынын мааниси (жугуштуулугу) өсүп жатат. Тактап айтканда, Rt көрсөткүчү 4-8-октбярда 1,04 болду, 29-сентябрда Rt 0,93, ал эми 1-сентябрда ал 0,83 көрсөткүчүндө болгон.