Нарындан Ысык-Көлгө эс алууга келген 18 жаштагы жигит каза тапты


Ысык-Көл районундагы пансионаттардын биринде 18 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-август күнү Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө чөгүп кеткен жигиттин сөөгү түшкөнү тууралуу аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Бул билдирүү электрондук маалымат журналына катталып, райондук милициянын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге жөнөп кеткен. Милиция кызматкерлери тарабынан күбөлөрдү суракка алуу учурунда Нарын облусунун 18 жаштагы тургуну К.Н. достору менен Ысык-Көл районундагы пансионаттардын биринде эс алып жаткан. К.Н. көлгө сүзгөнү барып, күтүүсүз жерден чөгүп кеткен. Анын жансыз денеси жээкте эс алып жаткан адамдар тарабынан табылган.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча тергөө жана процессуалдык баа берилет.











