Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эксперттер Кыргызстанда коронавирус кескин курчуй турганын эскертишти

Эксперттер Кыргызстанда коронавирус кескин курчуй турганын эскертишти

21-июнь, 12:37
692 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда июндун соңку он күнүндө жана июлдун башында коронавируска кабылгандардын саны кескин көбөйүп, оору азыркыдан да курчуп кетиши мүмкүн. Көз карандысыз эксперттер тобу ушундай тыянак чыгарышты.

Бул топ 2020-жылы Оксфорд университетинин окумуштуулары менен чогуу Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышын изилдеп, июлда көптөгөн киши оорунун курмандыгы болорун божомолдошкон. Алардын божомолу тастыкталган эле.

Алдын ала тыянакка ылайык, алдыдагы эки апта ичинде оору жуккандардын саны күнүгө 1500ге чейин жетиши ыктымал. Оорунун жайылышын изилдеген көз карандысыз эксперттердин арасында “Сорос Кыргызстан” фондунун саламаттык сактоо боюнча координатору Айбек Мукамбетов, СOVID-19 оорусун алдын ала божомолдоо жана эпидемиологиялык кырдаалды моделдөө боюнча адис, эпидемиолог Айжан Дооронбекова сыяктуу адистер бар.

19-июнда Кыргызстанда 870 кишиден коронавирус аныкталды. Июндун экинчи аптасынан тартып илдет жуккандар күнүгө 500-700дүн тегерегинде болуп келди. Соңку 20 күндө эле жүздөн ашуун бейтап көз жумду.

Оорунун жайылышына карата Бишкекте жана аймактарда коомдук жайларга жарым-жартылай чектөөлөр коюлуп, өкмөт элди этият болууга чакырууда. Жарандарга Кытайдын жана Россиянын вакциналары сайыла баштаган. 19-июнга карата 92 миңден ашуун адам эмделди.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер