Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айнуру Алтынбаева, ЖК депутаты: “Кризистик борборлор башпаанекке муктаж”

Айнуру Алтынбаева, ЖК депутаты: “Кризистик борборлор башпаанекке муктаж”

17-январь, 10:01
677 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айнуру Тойчиевна, учурунда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзам кабыл алынды эле. Ал канчалык  натыйжалуу иштеп жатат?

-- Зордук-зомбулук бүт дүйнөдө бар. Эң өнүккөн Америкада, Европа мамлекеттеринде да бар. Кеп мамлекет тарабынан ага көз караш, көрүлчү чаралар кандай? Бул мыйзамдын биринчи редакциясы 2006-жылы кабыл алынган. Биз аялдар 36 миң добуш топтоп, Жогорку Кеңешке алып келгенбиз. Ошол кездеги депутат Кубатбек Байболов өзүнүн атынан демилге көтөрүп, мыйзам өткөн. 2017-жылы биз дагы өзгөртүүлөрдү киргизип, ал мыйзам да өткөн. Бүгүн биз ошол мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат алыш үчүн өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштап жатабыз. Мен ойлойм, тийешелүү комитеттер муну карап чыгышат. 

Алтынчы чакырылышка келгенден кийин биз жумушчу топ түзүп, бешинчи чакырылышта өткөн ала качуу боюнча мыйзам кандай иштеп жатканын караганбыз. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзам кабыл алынганына эки жыл болду. Тилекке каршы, анын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жеткиликтүү иш жасай элекпиз. Өкмөттүк саат өткөндө бүт статистикалык маалыматтарды чогултуп, дагы  алдын алуу механизмдерин табуу боюнча  өкмөт менен тийешелүү иштерди жүргүзөбүз. Бул өтө зарыл. Коомубузда кыргыздын менталитетине каршы келген көрүнүштөр, атасы өз кызын зордуктаган, эне өз баласын өлтүргөн сыяктуу төбө чачты тик тургузган көрүнүштөр көбөйүүдө. Бир тууган абысынынан, жеңесинен кордук көргөн Ибрагим аттуу кичинекей бала майып болуп калды. 

-- Мунун себебин сиз эмнеден көрөсүз?

-- Ичкиликтин кесепетинен деп айтып жатышат. Ал деле себеп болушу мүмкүн. Мурда соолуктуруучу жайлар болчу эле. Мас киши айбанга айланып турган, коркунучтуу абалда үйгө жетпей калат эле. Бирок, экинчи жагынан зордук-зомбулук күйөөсү да, аялы да ичпеген, колунда бар, материалдык жактан жакшы камсыз болгон, атүгүл атасы даваатка чыккан үй-бүлөлөрдө деле болуп жатпайбы. Кыязы, бизде үй-бүлө институту начарлап, ыймандык, руханий баалуулуктар азайып  баратат окшойт. Адамдарда, айрыкча жаштарда  агрессия күчөп кеткендей. 

-- Өкмөт тарабынан биринчи кезекте кандай иштер жүргүзүлүш керек?

-- Ошто болгону “Ак жүрөк” кризистик борбору бар. Офиси бир эле бөлмө. Ал жерде кызматкерлер отурат. Мисалы, жабырланган аялдар, балдар келгенде кеңеш берип, сотто алардын укугун  коргоочу юристтер, адвокаттар бар. Бирок, кризистик борбордун убактылуу башпаанеги да болушу керек. Себеби, ал үйдөн качып кетти да.  Баласын, колго урунган кийимин  алып, мас күйөөсүнөн качып кетти. Жылына борбордун жетекчиси Дарика эже мага “Айнуру, бизди дагы офистен чыгарып атышат, сүйлөшүп берчи” деп телефон чалат. Оштогу борбор Баткен, Жалал-Абад, Ош сыяктуу үч облусту тейлейт. Жок дегенде облустарда болушу керек да. Райондорду айтпай эле коёюн. Бишкектеги “Сезим” кризистик борборунун болгону 10 койкасы бар. Жабыркап, жардам сурап келгендер батпай калышат. Биз качан ызы-чуу көтөрөбүз? Кайсы бир аялды күйөөсү көгала кылып сабап, же өлтүрүп койгондон кийин. Алдын алуу иштери да жүргүзүлүшү керек да. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер