Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айылчы Сарыбаев: “Арзыматтар менен аферисттер президентти тегеректеп алышты”

Айылчы Сарыбаев: “Арзыматтар менен аферисттер президентти тегеректеп алышты”

02-май, 20:45
1 469 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Электр энергиясынын тарифтери тууралуу сиздин пикириңиз кандай?

-- Улам жаӊы келген министрибиз түрдүү шылтоолорду ойлоп таап, эптеп тарифтерди көтөрүп, анан энергетика системасын чет элдик инвесторлорго салып берүү аракети. Билсе-билбесе деле энергетика системасынын тарифин көтөрсө эле Токтогул суу сактагычы бир заматта ашып-ташып кете тургансып, “Америкада, Англияда, Францияда жана Германияда тарифтер мынча экен” деп дөөрүгөндөр көбөйдү. “Булар аконит эмес эле адырашмандын ашын жегенби?” деп ойлоого түрткү берет. Себеби, ал өлкөлөрдөгү жашоо деӊгээли менен биздин шордуу элдин жашоо шартын салыштыргысы келбеген министрлер менен алардын “куйруктары”, алты тутам арамза кошоматчылары толуп кетишти. 

1,5 миллион мигранттар жумушсуздуктун айынан тентип жүрүшөт. Ички миграция менен жумушсуздар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жарды-жалчылар, кары-картаӊдар, айтор, элдин 80%ы жашоо деӊгээли өтө төмөн өлкөнүн элине жогорулатылган тарифти колдонуу даана зөөкүрчүлүк экенин билсе да билмексен болуу айбанчылыкка жатат.

Айтор, “казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса. Мен оюмду социалдык тармактардан билдирдим. Президентке туура эмес маалымат берип, алдап, элге жаман көрсөтүүнүн аракетин көрүп жатышкандай туюлат. Арзыматтар менен аферисттер тегеректеп алышыптыр. Эми биздин ойдун эч кимге кереги жок. Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт. Өз акылдары өзүндө


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер