Аскар Медетов: “Ректорлор Кожобеков менен Чыныбаевдин улутбезерлик жоруктары”

Филология илимдеринин кандидаты менен маек.
-- Аске, бу мектептерде төбө чачты тик тургузган трагедиялуу окуялар кайталанып жатат го...
-- Ооба, өтө эле кейиштүү окуяларга күбө болуудабыз. Өспүрүмдөр ортосундагы чыр-чатак, рэкетчилик келечек муунду тарбиялоодогу кемчиликтер айсбергдин суу астындагы негизги бөлүгүндөй эле ачыкка калкып чыгып, көрүнө баштады. Мунун өзү жаш муунду тарбиялоодо, жалпы эле билим берүү жаатында чоң проблемалар бар экенинен кабар берип турат. Өспүрүмдөрдүн өздөрүнө өздөрү кол салганы – бул психологиялык басымга кабылып, баардыгына кайыл болуп, чүнчүгөн абалга жетиши, аргасыздык. Кибербуллинг деген да балакет чыкты, бала кай жерде жүрбөсүн тынчтык бербей коркутуп-үркүтүп, гаджет аркылуу онлайн кысымга алып, интернетте шылдыңдап, соцжеледе жаман пикирлерди жазып, фейк аккаунттар аркылуу кемсинтип, мазактайт экен. Өспүрүмдөрдүн кылмышы маалымат технологиялары менен үзөңгүлөш жүрүп, “өркүндөп” кеткенин карабайсызбы! Тилекке каршы, ага карата көрүлгөн чаралар жетишсиз. Бул бир жагы, экинчиден, болочок муунду багып өстүрүп жаткан үй-бүлө институтунда жана билим берип жаткан мектепте тарбия маселеси боюнча кооптуу жагдай эчак эле түзүлгөн. Эми бул маселелер бүгүн эле жарала калган жок. 90-жылдары идеалдар кыйрап, эл базарга чыккан катаал мезгилде калыптанып, жетилген муунга ошол кездин терс таасири азыркы эне-аталардын мугалимге, балага жасаган мамилесинен күзгү сыяктуу чагылып көрүнүп жатпайбы. Балдарды тарбиялоо үй-бүлөдө, билим берүү мекемелеринде эле эмес, диний секталар жана башка уюмдар да бул ишке “жигердүүлүк” менен катышып, тереңдетип, татаалдатып жатышат. Бул проблема компетенттүү органдар тарабынан тыкыр иликтениши абзел. Тарбия маселесинен тышкары, мектепте билим берүүнүн сапаты да төмөн түшүп кетти. ЖРТнын көрсөткүчтөрү ушуну тастыктап турат. Мектепке мамлекет өзгөчө көңүл бөлүүсү абзел, анткени, азыркы окуучулар – өлкөбүздүн эртеңки келечеги. Маалымат технологиялары: гаджеттер, виртуалдык дүйнө балдардын моралдык-нравалык көз караштарынын калыптанышына тескери таасирин тийгизип жатканы ушул кейиштүү окуялардан айкын көрүнүүдө. Анан да балдарына туура тарбия бере албаганы аз келгенсип, мугалимдин кадыр-баркын түшүргөн караңгы ата-энелердин агрессивдүү катмары пайда болду. Мугалимдин коомдогу орду жөнүндө Н.К.Рерих: “Срам стране, где учителя пребывают в бедности и нищете. Стыд тем, кто знает, что детей их учит бедствующий человек. Не только срам народу, который не заботится об учителях будущего поколения, но знак невежества... Так говорю, так повторяю что народ, забыв учителя, забыл свое будущее” деп эң эле туура айткан экен, бул мугалимди сыйлабаган, кадырына жетпеген коом, эл өз келечегине өзү балта чабат (!) деген сөз да. Демек, көзүн май баскан, уят-сыйытты билбеген, көпкөн ата-энелерден, каалаганын жасаган, тарбиясы жок, эркеталтаң өспүрүмдөрдөн мугалимдин укугун коргогон мыйзам кабыл алыныш керек. Мамлекет мугалимдин аброюн көтөрө турган чечкинүү кадамдарга барбаса, кабыл алынып жаткан программалар, концепциялар кумга сиңген суудай эле дайынсыз агып кетет.
-- Мектепте го көйгөй көп экен, ЖОЖдорубуз кантип жатат? 2014-жылы өлкөбүздө 52 жогорку окуу жайы болсо, азыркы учурда алардын саны 86га жетиптир, он жылда дагы жаңы 34 университет ачылган экен. Ушунун зарылдыгы бар беле?
-- Эч кандай зарылдыгы жок болчу. Айталы, 90-жылы 4 миллион элге 9 жогорку окуу жайы бар эле. 35 жылда калктын саны өсүп, 7 миллиондон ашып, арбыдык, а ЖОЖдор эки эсе эмес 8-9 эсеге көбөйгөн. Эми муну экстенсивдүү көбөйүү деп коёт, аны өнүгүү, же жетишкендик катары караганга болбойт. Болгону билим берүү кирешелүү бизнеске айланды. Ошол 90-жылдары экономикалык, каржылык кризис күчөп, завод, фабриканын баары токтоп, жумушсуздук башталганда “жаштар бош жүрбөй окусун” деген саясат жүрүп, ЖОЖдорду ачканга кеңири мүмкүнчүлүк берилген. Анан Россияда мигранттар “окушту”, окубай эле диплом сатып алмайлар башталды. Жогорку Кеңеште өткөн жылы үч-төрт депутаттын диплому жасалма болуп чыкканы айкын далили эмеспи. Ошентип билим берүү системасында башаламандык өкүм сүрүп, чоң кризиске кептелген. 86 ЖОЖ билим берүү саясатындагы ошол чаржайыт иштердин, кризистин, социалдык абсурд көрүнүштүн туундусу, жеткен чеги. Себеби, алардын 60-70 пайызы классикалык университеттин талаптарына, стандарттарына жооп бербейт. Материалдык-техникалык базасы начар, бир-эки бакалавр программасы менен иштеген, магистратура, аспирантура, PhD докторантура, илимий борборлордон куржалак, фундаменталдык, прикладдык, инновациялык илимий изилдөөлөрдү мындай коюңуз, атүгүл стандартка жооп берген китепканасы жок, университетке коюлуучу талаптар менен иши да болбогон, жалаң бизнес багытында уюштурулган окуу жайлар көбөйдү. Ошон үчүн жалаң коммерциялык максатта ачылган, санды көбөйткөн, сапаты жок жогорку билим берүүгө көлөкө түшүргөн окуу жайлардын “университет” деген макамын алып, колледжге айландыруу зарыл.
-- “Кыргызстан Борбор Азияда жогорку билим берүүнүн Меккесине айланды, чет мамлекеттин студенттери Кыргызстанды тандашууда” деген аңыз кептердин канчалык чындыгы бар?
-- Ооба, Кыргызстанда алыскы-жакынкы чет өлкөдөн келип окуган студенттердин саны акыркы жылдары көбөйдү. Кошуна Өзбекстандан эле ОшМУ, ЖАМУ жана Кыргыз-Өзбек университеттеринде көп студенттер билим алышууда, анан Индия, Пакистан, Бангладештен медициналык окуу жайларда окуп жатышат. Бизде билим берүү башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан, жашоо да жеңил экен. Бул бир жагынан, экинчи жагынан, чет өлкөлөрдөн абитуриенттерди тартуу боюнча ЖОЖдордун маркетинг технологиясы жакшы жолго коюлгандыгынын натыйжасы. Мисалы, МУК чет өлкөлөр менен байланыштарын жолго коюп, менеджерлери аталган өлкөлөрдө жакшы иштешип, абитуриенттерди тартып келип жатканы көп жылдык кызматташуунун, анан да тажрыйбанын жемиши го. Бул жагынан биздин айрым университеттердин тажрыйбасы башкаларга үлгү десек болот.
-- Беш университетке өзгөчө макам берилгенине үч жылга аяк басты, жыйынтык барбы?
-- Эми бул ошол ЖОЖдордун өнүгүүсүнө кеңири жол ача турган мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Тилекке каршы, бизде “бөрк ал десе баш алган” алаңгазарлык иштер арбын эмеспи. Өзгөчө макам берилип, көп маселелерди өзүңөр чечкиле деп берилген уюштуруу иштери, каржылык, академиялык эркиндикти туура эмес пайдаланып, “Акмакты жасоол койсо, өз баласынын көзүн чыгара чабат” дегендей болуп, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Манас таануу предметин окуу планынан биротоло алдыртып, “тап” катары жоюп жиберген, азыр Манас таануу дисциплинасы ОшМУда окутулбайт, менчик окуу жайлар тууралуу деле ушуну айтууга болот. Ал эми И.Раззаков атындагы КТУнун ректору Мирлан Чыныбаев да мамлкекеттик тилди, Манас таанууну баш кылып, гуманитардык-социалдык багыттагы предметтердин баардыгын кыскартам деп жээлигип, тилчилер, Манас таануучулар, философтор, тарыхчылар болсо ректорго каршы чыгып, көтөрүлүп, ызы-чуу Ак үйгө чейин жетип, силердин гезит кийлигишкенден кийин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов ректорго чалып, нарк боюнча “дарс окуган”, ошондон кийин барып, анан окуу планын өзгөртүүдө өлкөнүн тилине, маданиятына, руханиятына, тарыхына байланыштуу предметтерге карата нигилисттик мамиле жасап жаткан ректор М.Чыныбаев өзүнүн кыргыз экенин эстеп, жогорудагы жок болуп кете жаздаган предметтерди кайра ордуна алып келди да. Ректорлордун бул кылыгы улутбезерликтин ачык эле көрүнүшү.
Түркиянын билим берүү системасында, мектептен баштап университеттерине чейин сабактар түрк тилинде жүргүзүлөт, Ататүрктүн осуяттары, Ата мекен тарыхы предметтери милдеттүү түрдө окутулат, аларды окуу планынан алып таштоо бир да ректордун оюна келбейт, а бизде эркиндик берип койсо, министрлик тарабынан бекитилген билим берүү стандарттарына кирген мамлекеттик тил, Манас таануу, тарых сыяктуу предметтерди окуу планынан алып салган, “түбүнө жетчүдөй” деген “сабатсыз” ректорлор чыкты. Мамлекеттик идеология, мекенчилдик, патриоттуулук идеялары ушул предметтер аркылуу “Сенин атаң Дөнөнбай” дегендей эле келечек муундун мээсине куюлат да. Аталган ректорлор улуттук наркты окута турган предметтерди кыскартып, мекенчилдикти билбегенин, улуттук идеологиядан кабары жок экенин көрсөтүшкөн. Ушундай улутбезер ректорлор менен өлкөбүз кантип өнүгөт? Мисалы, президент Садыр Жапаров “Манас” эпосу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Анда “Манас” эпосун окутуу, изилдөө, жайылтуу боюнча милдеттер коюлган. Мамлекеттик идеологиянын уюткусун түзгөн баалуулуктар жана принциптер ушул мыйзамда, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунда толук камтылган. Алтургай “Манас” үчилтиги – кыргыз элинин демин, социалдык жана тарыхый эстутумун, дүйнө таанымын жогорку көркөмдүктө чагылдырып, элдин этномаданий уңгусуна жана өзүн-өзү таануусунун түп белгисине айланган улуу эпикалык мурас” деп доктринада таамай жазылган. Мамлекеттик идеологиянын масштабында кыргыз элинин руханий башаттарын, мурастарын сактоо, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик структураларда, маданият тармагында, билим берүү, саламаттык сактоо системаларында, укук коргоо органдарында жигердүү иштер жүрүп жатат. Бирок ОшМУ, И.Раззаков атындагы КТУ сыяктуу мамлекеттик идеологияны тааныбай, “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген” жеке менчик ЖОЖдордо бул мыйзам ишке ашпайт. Анткени алар атайын чечим менен окуу планынан Манас таануу предметин кыскартып, алып салышкан. Өлкөбүздүн идеологиялык багытында чоң мааниге ээ болгон бул мыйзамды жетекчиликке алып, “Манас” эпосун тереңдетип окутуу, изилдөө иштерин уюштуруу боюнча чараларды көрүү маселелери К.Кожобеков, М.Чыныбаев сыяктуу ректорлорго тийешеси жок. Анткени улуттун улуу руханий дөөлөтү болгон “Манасты” тааныгысы келбей, кабыл албай ага артын салган ректорлордун ишмердүүлүгүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын президенти кол койгон “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жол жарлыгы ОшМУ, И.Раззаков атындагы КТУ жана жеке менчик окуу жайлары тарабынан кекирейген нигилисттик мамилеге туш болору айдан ачык...
-- Түркияда баардыгы түрк тилинде дедиң го, жогорку билим берүү тармагында мамлекеттик тилдин абалы кандай?
-- Албетте, айрым аракеттер болуп жатат. Билим берүү министрлиги табият, техника, медицина, айыл чарбасы илимдери боюнча окуу китептерин, окуу куралдарын, монографияларды бекер чыгарып берүүгө конкурс жарыялаган. Бирок аталган илим тармактары боюнча мамлекеттик тилде изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар аз. Негизи биздин илимий интеллигенция, ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук жамааты мамлекеттик тилге кайдыгер карашат, мындай бир жандуу жигердүүлүк байкалбайт. Окуу китептери жок болгондуктан, жогоруда аталган илим тармагы боюнча дисциплиналардын лекциялары, семинарлары университеттерде расмий тилде өтүлөт. Аталган илим тармактары боюнча терминдер, атоолор, түшүнүктөр тактала элек. Лексиканын корунун көбөйүүсүндө, тилдин өнүгүүсүндө функционалдык стилдер чоң роль ойнойт. Ал эми кыргыз тилинде илимий стиль иштебей жатса, табият илимдери, медицина, айыл чарба илимдери, техника илимдери боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлбөсө, терминдер калыптанбаса, атоолор такталбаса, жаңы түшүнүктөр кирбесе, илимий идеялар, мыйзамдар, категориялар мамлекеттик тилде “сүйлөбөсө”, эне тилибиз кайдан байысын? Тескерисинче, маалымат технологияларынын өнүгүүсү, диний экспансиянын каптап келиши менен англис тилинен, араб тилинен кирген сөздөр күндөн күнгө көбөйүп, ага катар элибизге жат баалуулуктар, стандарттар кирип, үстөмдүк кыла баштады. Буга көңүл бурган киши жок. Кезинде ашынган коммунисттер “родина”, “правда” деген сөздөр кыргызчага которулбашы керек деп талап кылып, союз мезгилинде ал сөздөрдүн көптөгөн эквиваленттери болсо да эгемендик алганга чейин колдонулуп келди. Ушундай эле догматизм азыр да уланууда. Ашынган динчилдер кыргыз баалуулуктарын жерип, коомду исламдаштыруу тенденциясы күчөп, “адал” деген кыргыздын жакшынакай сөзү турса, аны колдонбой “халяль” деп, “арам” деген сөз турса “харам” деген араб сөзү кирди, “сөөк” деген төл сөзүбүз турса, анын ордуна “майыт” сыяктуу сөздөр жасалма түрдө таңууланып, алтургай “махр” деген сөздүн түпкү мааниси бурмаланып, “калың” деген сөздүн ордуна колдонула баштады, аны менен кошо улуттук үрп-адат, каада-салттарды танып, мусулман стандарттарын киргизүү аракеттери кызуу жүрүп жатат. Азыркы учурда ислам идеологиясы баш көтөрүп, соцтармактарда кеңири пайдаланылып, диний мазмундагы котормо китептер да көп жарык көрүүдө, бирок сапаты төмөн, араб, фарси, түрк тилинен кесипкөй котормочулардын жоктугунан, функционалдык стилдерди билбеген котормочулар чалмакей чалып жатканы өкүндүрбөй койбойт, стилден түшүнүгү жок молдокелер тилдин убал-сообунан коркпой, өз эне тилин каалагандай бурмалап, бузуп баратышат.
Мамлекеттик кызматкерлер окуу жайды дээрлик орус тилинде бүткөндүктөн, иш кагаздарын колдонуу негизинен расмий тилде жүргүзүлүүдө. Экинчи жагынан соцтармактын уюлдук структуралары элдин аң-сезимине керексиз маалыматтарды шыкап, тарыхый эсин жоготууга, өзгөртүүгө багытталган планетардык маалымат каналдары үстөмдүк кылып, улуттук маалымат каражаттары пассивдүү роль ойноп калды. Кыргыз коому негизинен орус тилиндеги маалымат булактарынан пайдаланат. Ушундай жагдайлардан улам эне тилибиз кыйын абалга келгенин байкабай да калдык. Аз-аздан улуттук каада-салттардан да кол жууп баратабыз, бул бара-бара элдин элдик табиятын, иденттүүлүгүн жоготот. Албетте, бийлик нарк, каада-салтты сактоо боюнча чараларды көрүп, концепциялар, программалар иштелип чыгууда. Алар кагаз жүзүндө калбай улуттук баалуулуктардын алкагында жаш муундардын руханий дүйнөсүн калыптандырган таасирдүү куралга айланышы зарыл. Мисалы, Астанадагы Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине Орхон-Енисей рун жазма эстеликтеринин көчүрмөсүн япон адистерине жасатып алып келип коюшту. 2 миллион доллардын көзүнө карабай байыркы мурастарды эмнеге коюшту дебейсизби, анткени бул мурас эстелик-музей, архив, китепкана сыяктуу эле студенттердин тарыхый эсин калыптандырууга кызмат кыла турган байыркы тарыхты эскерткич таберик--архетип.
-- ОшМУда МГУнун филиалы ачылышына байланыштуу кайчы пикирлер айтылып жүрөт...
-- Ой-оой, анын да өзүнчө тарыхы бар. Эгемендүүлүк жылдарында, 2000-жылдарга чейин эле байланыштар бекемделип, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы билим берүү, илим тармагындагы кызматташуу, МГУнун филиалын КУУда ачуу тууралуу келишимдерге 1999-жылы 21-сентябрда ректор А.Бөрүбаев, 2000-жылы 15-сентябрда ректор А.Какеев кол койгон. Анан 2005-жылы төңкөрүш болуп, жетекчилик алмашып, бул маселе чечилбей калган. 2014-жылдан баштап байланыштар кайра жандана баштаган, ана ачылат, мына ачылат болуп турганда, 2019-жылы мартта Россиядан президент В.В.Путин башында турган чоң делегация келип, КР жана РФ ректорлорунун форуму болгон. Кыргызстандын ректорлор кеңешинин төрагасы, ошол кезде К.Карасаев атындагы БМУнун ректору, профессор А.Мусаев форумда МГУнун филиалын Улуттук университеттин базасында ачуу демилгесин көтөргөн. Анан эле “Вопрос об открытии филиала МГУ в Кыргызстане взял под контроль лично президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков” (https//ru/sputnik.kg) деген маалымат тарады, ошондон кийин эле МГУнун филиалы ОшМУ да ачылмай болуп, чечим кабыл алынган. Анан эле жакшынакай иштеп жаткан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков министрлик кызматка жылып, ордуна университеттин китепканасынын 29 тонна, же 100 миңден ашык окуу китептерин, окуу куралдарын, усулдук колдонмолорду, монографияларды, энциклопедияларды макулатурага төккөн “эрдиги” менен дүң болгон азыркы ректор К.Кожобеков дайындалды. Андан мурда президент С.Жээнбеков улуттук университетке келип, “каралбай калыптыр” деп сынтагып кеткен, жардам деле берген эмес. “Университет эмне үчүн мындай кейиштүү абалга келди?” деп деле кызыкпаса керек. Эмне максат менен келгени деле белгисиз. Кыясы, К.Кожобековду улуттук университетке алып келүү планы да болгон окшойт. Иши кылып, ОшМУда МГУнун филиалынын ачылышы тууралуу чечимдин кабыл алынышы, жакшы иштеп жаткан ректор, раматылык К.Исаковдун министрлик кызматка которулушу – ушунун баардыгы К.Кожобеков үчүн жасалган С.Жээнбековдун субъективдүү, туура эмес чечими, бийликтин кезектеги жең ичинен жүргүзгөн провинциалдык деңгээлдеги “оюндары” эле. “Кол ийрисине тартат” дегендей, ушул жаңылыш чечими менен ал кездеги президент С.Жээнбеков 20 жылдан бери кызматташып, жаңы долбоорлорду пландаштырып келаткан МГУ менен КУУнун ортосундагы билим берүү, илим жаатындагы келишимдерди жокко чыгарган. Андан кийин С.Жээнбековдун фаворити болуп жүргөн К.Кожобеков ОшМУнун короосуна салдырган окуу имараты МГУнун стандарттарына жооп бербегендиктен, Москвадан келген атайын комиссия аны кабыл албай, филиалдын ордуна борбор ачымыш болуп, МГУ ОшМУну иттен чыгарып койгондой эле мамиле кылды. Анткени ректор К.Кожобеков МГУ менен теңата сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алган эмес, ага интеллектуалдык деңгээли, даярдыгы деле жетпеген болуу керек, ошон үчүн келишим бузулган да. Ош шаарынын мэри Ж.Токторбаев К.Кожобековду “коррупцияга малынгансың” деп айткандай, ректордун өнөрү ушул жагына чыккан окшойт...
Ал эми дипломун дүйнөнүн жүздөгөн мамлекети тааныган, өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын флагманы болгон Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору эгемендүүлүк жылдарында 14 жолу алмашты. Алардын арасында С.Токтомушев, А.Бөрүбаев сыяктуу реформатор ректорлор менен бирге “жолдошун бура бастырбай” (Б.Сарногоев) жобурап кечке жомок айткандары болду, “5 мүнөттөн ашык жыйын өткөрбөйм” деп кыйынсынгандары келди, ЖОЖдун системасын билбей “ППС дегениңер эмне?” деп оозун ачкандары, окуу жайга “түнкү клуб ачабыз” деп алаканын ушалап, жасалма демилге көтөргөндөрү, куурай башын сындырбай олчойгон айлык алгандары, ушундай “керемет” ректорлордун жоруктарына түткөн кайран гана улуттук университет! Ушундай уюштуруучулук, менеджерлик жөндөмү жок, чабал ректорлордун кесепетинен университет окуу имараттарынан, жатаканаларынан кол жууду, төгүлдү, чачылды, чындыгында кароосуз калган учурлары да болду! “Аты улук, супарасы курук” дегендей көч башы окуу жайындагы айлыктын төмөндүгүнөн, илимий изилдөөлөргө ыңгайлуу шарт түзүлбөгөндүктөн, мыкты, таланттуу көп жаштар, доценттер, профессорлор башка окуу жайларга которулду, чет өлкөлөргө да чыгып кетишти. Анан стабилдүүлүк болбогон жерде кантип өнүгүү улансын? Ошентип, кедерине кетип, айрым индикаторлор боюнча артта калып жаткан өлкөнүн башкы окуу жайынын тагдыры президент С.Жапаровду тынчсыздандырган окшойт, 2022-жылы августта профессор Төлөбек Абдырахмановду кабыл алып (ал кезде И.Арабаев атындагы КМУнун ректору), улуттук университеттеги кейиштүү абалды айтып, алдына конкреттүү милдеттерди койгон экен. Профессор Т.Абдырахманов ректор болуп дайындалгандан кийин институционалдык реформа жасап, окуу имараттарын оңдоп, жакшы иштеди. Бирок ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кетти окшойт... Андан кийин келген ректор Д.Чонтоев да бир топ инвестицияларды тартып келип, жаңы долбоорлорду сунуштап, жан тынымын албай иштеп, жаңы илимий борборлорду ачып, стратегиялык өнүгүү программасынын негизинде улуттук университетти илим изилдөө университетине айландыруу мүдөөсүнө умтулуп, жаңы окуу имаратын салдыруу аракетин кылып, белсенип иштөөдө. “Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт” демекчи, улуттук университет ЖОЖдордун рейтингин баалоо системасынын эң негизги индикатору болгон “академиялык репутация” боюнча Кыргызстандын масштабында эң алдыңкы орунда турганы ырас. КР Улуттук илимдер академиясынын академиктери А.Бөрүбаев, А.Эркебаев, С.Мусаевдердин, корреспондент-мүчөлөр Э.Мамбетакунов, Н.Ишекеев, Т.Абдырахманов, Т.Маразыковдордун илимий мектептери жаңы концепцияларды иштеп чыккан долбоорлорду жүзөгө ашырып, өлкөдөгү табият, так жана гуманитардык илим багыттарынын жаңы тенденцияларын аныктоодо. Фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрү жогору бааланып, эл аралык Scopus, Web of Science жана РИНЦ сыяктуу негизги наукометриялык базалардын индикаторлору боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетип, КУУнун эле эмес, жалпы Кыргызстандын сыймыгы болгон С.Карабаев, Б.Канетов, Б.Сабитов, К.Сманалиев, А.Арзыматова, Ч.Чоротегин, Н.Карабалаева, Нурайым Сардарбек кызы сыяктуу абройлуу илимпоздор башында турган профессордук-окутуучулук курам жигердүү изденип, 100 жылдык мааракесин салтанаттуу белгилөө алдында турган Улуттук университет дүйнөдөгү алдыңкы 1000 ЖОЖдун катарына кошулуу максатын көздөп турган чагы.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити