Айбек Алтынбеков, ЖК депутаты: “Кийинки парламентте аялдардын саны көбөйөт”


-- Айбек мырза, бир топ кесиптештериңиз шайлоо системасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун даярдашып, ал коомдук талкууга коюлду. Системаны өзгөртүү максаты эмне?..
-- Мен өзүм бир мандаттуу округдан шайланып келгеним үчүн жакшы эле болот го деп ойлойм. Жер-жерлерден депутаттар чыгат. Кээ бир райондордон депутаттар чыкпай келген да. “Эми ар бир округдан болуп калат” деген ой болсо керек долбоорду сунуштаган депутаттарда. Ар бир округдан үчтөн депутат келет да, ошонун бирөөсү аял киши катары чыгып атпайбы. Демек, аялдардын санын көбөйтөлү деген да максат бар. Азыркы күндө алар 20 депутат болсо, жаңы мыйзам боюнча көбөйүп калат.
-- Анда партиялык тизме болбой калабы?
-- Партиянын атынан чыкканга уруксат бар. Кайсы бир партия “отуз округдан өзүбүздүн талапкерлерди чыгарабыз” десе, анда ага мүмкүнчүлүк берилет. Мурда деле ошондой болуп келген да. Партиядан көрсөтүлгөн менен өздөрүнүн гана округдарында иштешкен. Лидерлер гана жалпы Кыргызстанды кыдырып, үгүт иштерин жүргүзүп келишкен. Партиянын тизмесинде турган башка талапкерлер өздөрүнө тийешелүү жерлерди гана бөлүп алышып, ошол жерде иш жүргүзүшкөн. Мисалы, мен 2015-жылы “Республика – Ата Журт” партиясынан шайланып келгенде Базар-Коргон районунда иштедим. Себеби, мени ошол жер гана тааныйт эле да. Азыр деле ошол сыяктуу болуп атат, бирок аталышы “көп мандаттуу” деп аталат.
-- Кандай дейсиз, шайлоо системасы жакшырып жатабы ошондо?
-- Биз “жакшырып атат” деген үмүттө болушубуз керек. Эртеңки күнү кандай болушун билбейбиз. Көрөбүз да эми, турмуш көрсөтөт.
"Азия Ньюс" гезити











