Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калдарбек Койлубайтегин, серепчи: “Кырдаал өзгөрбөйт го, бийлик мактоого арзып баратат”

Калдарбек Койлубайтегин, серепчи: “Кырдаал өзгөрбөйт го, бийлик мактоого арзып баратат”

14-январь, 21:11
818 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эмнегедир Кыргызстандан бизнесин алып чыгып кеткен ишкерлер, тымызын сыртка чыга берген саясатчылар көбөйүптүр. Бул жагдай келечекке терс таасирин тийгизип койбойбу? 

-- Тоноло берип, сүлдөрү эле калган өлкө үчүн бул кадимки эле мыйзамдуу көрүнүш. Кечээ эле көктөн жылдыз үзүп жаткандар бүгүн согоно болгон текедей мөгдөп калышпадыбы... Сөз алардын арыгын чапкандарда, тууган-туушкандарында. Аларга бийлик жыргализмди орнотуп ийген күнү деле жакпайт. Алардын каршы болгону болгон. Бул табгигый көрүнүш. Менимче, бийлик Сингапурдун вариантынын жарымын гана ишке ашырып жаткандай. Сингапурда коррупцияны жок кылуу максатында премьери жакын туугандарына карабастан баарын камаган. Тагыраагы, тамырынан кыркып өрттөп салган. Натыйжада, баарыбыз суктанган Сингапур курулган да. Бизде канчалык оор көрүнгөнүнө карабай, коррупцияга каршы күрөш баягы кыргызчылыктын түспөлүндө жүрүүдө. Ошон үчүн эртең, бүрсүгүнү деле котур ташын ыргытып, бийликти күч менен тартып алууга аракет жасагандар чыксачы? Бирок, кыргыз бийлигинин “жети өлчөп, бир кесерин” билген саясатынан улам, коомдо кескин өзгөрүүлөр жүрүп жатканын өзүбүз деле байкап атабыз. Акыркы эле мисал: министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун кызматтан алынышын алалы. Президент “салык саясатындагы ыплас иштердин орун алгандыгын бөгөттөй албагандыгы үчүн” деп расмий айтты. Мындай кадам качан болду эле Кыргызстанда? Ар дайым эле кол ийрисине тартчу эле го...

Калың журттун арасын “келечегибиз бар экен, жашообуз жакшырып баратат, бийликке рахмат!” деген сөздөрдүн карааны аралап калганы жүрөктү жылытат.  Ити чөп жеген байга айланып кетпесек да, жашообуз оңолуп бараткансыйт.

-Россиядагы мыйзамдын катаалдыгынан улам, ал жактан келген мигранттар көбөйдү. Ансыз да жумушсуздук көйгөй жаратып жатканда, күтүүсүз кыйынчылыктарга жол чабылбайбы?

-- Ал жактан аргасыз кайтып жатышкан мигранттардын маселесин Россия өзү жаратууда, “түшүмүн” көрөт жакында. Анткени, жаңы жылдан тарта катаал эрежелер иштей баштайт экен. Мамдуманын жаңы кабыл алган мыйзамынын негизинде баягы эле тыюулар, кысуулар күчөйт. Бу жолу Бажы биримдиги дегениң деле иштебей калды окшойт. 

Албетте, жумушсуздук маселеси жаралат дечи, бирок бүгүн Кыргызстанда деле иш орундары көбөйүп баратканы чындык. Курулуш күчөдү, жол салуу да кызуу жүрүүдө. Келген мигранттар да бар. Бирок, ошол эле учурда мамлекетке түйшүк жаратпай, Европага, Англияга, Түштүк Кореяга, АКШга багыт алгандары да көп. Ошону да эске алышыбыз керек. Кырдаал анчалык деле өзгөрбөсө керек. Анткени, бийликтин мактоого татыган жактары да арбын


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер