“Бакиев ондогон буюртма өлтүрүүлөргө, 86 адамдын атылганына жооп берсин!”
-- Курманбек Бакиевди актоо аракеттери эл ичине бүлүк салып, нааразычылыкты курчутпайбы? От менен ойноп атышкан жокпу?..
Рита КАРАСАРТОВА, укук коргоочу:
-- Бул маселе боюнча бир сыйра тамырларыбызды тартып, сынап, бизди “чыдайбы, моюнга алышабы?” дегенди өткөрүшкөн. Эгемендик алган жылдан тарта өлкөбүздү башкарган бүтүндөй президенттердин баштары кошулган жыйында ынтымакка келели деген аракеттер болгон. Бул эми президенттердин ортосундагы алака жалпы элдин ынтымагына эч кандай таасир бербегенин жашоо көрсөттү. Бакиевдин артында кылмыш иштери бар. Заочно чечим чыккан. “Мамлекетке кирбе” деген маселе жок, кире берсин. Бирок, кирди дегиче козголгон иштери боюнча камакка алынышы керек. Конституциялык сотко Бакиевдин жактоочусу эмне деп кайрылганы боюнча менде толук маалымат жок. Ал жак кандай жооп кыларын күтө туралы.
Ал эми коомчулук өлкөдөгү болуп аткан ар кандай саясый мотивдеги кырдаалдарга көз салып турат. Сот аркылуу митингдерге тыюу салынгандан кийин эл нааразычылыктарын ичине катууда. Кайсы күнү кандай кырдаал “акыркы тамчы” болуп жарыларын эч ким айта албайт го? Мүмкүн Бакиевдикидир... Себеби, 86 адамдын өмүрү кыйылган. Алардын эң жакын ага-туугандарынын: бирөөнүн атасынын, баласынын, сүйүктүү жарынын ызалары ченемсиз. Алар кечиреби? Менимче, кечирбейт!
Азиза АБДИРАСУЛОВА, укук коргоочу:
-- Бакиевди актоо аракеттери кай жерде, ким тарабынан жүрүп жатканы мага белгисиз. Бирок, кандай болгон күндө сот ачык-айкын жүрүп, журналисттер бүтүндөй иштин алкагын толугу менен коомчулукка чагылдырып турса, анан сот актап же “күнөөлүү” деп таап, чечими адилеттүү болсо, элдин көпчүлүгү буга каршы эмес. Ошол эле учурда нааразычылыкты эмне жаратат? Соттордун жабык өтүшү, журналисттерди катыштырбаганы, коомчулукка маалыматтын толук жетпегени. Учурда сот залындагы процесстерди журналисттер видеого тарта албай жатышат. Буга соттордун жообу даяр: “Бизде камера бар. Ал видеого тартып атат. Керек болсо аласыңар” дешет. Аны журналисттер алганга мыйзам жол бербейт. Бул сөз эркиндигин чектөө да. Андай учурда эл “имиш-имиш” ушакка ишенип калат. Ошондуктан бул жерде саясый өңүттө актап койгон элде, коомчулукта нааразычылыктар күчөп кетишине жол ачат. Сөзсүз сот болуш керек, соттун чечими абзел.
Урмат АКУНОВ, жарандык активист:
-- Курманбек Бакиевди актоо аракеттери эл ичине бүлүк салат, бул өтө туура эмес кадам. 2010-жылы 86 адам, ага чейин биздин атабыз Бакиевдин зөөкүр заманынын айынан курман болгон. Анан бүгүн эчтеке болбогондой, бир да адамдын башынан бир тал чачы түшпөгөндөй актайлы же апкелүү ж.б. ушундай нерселер азыркы бийликтин беделине катуу шек жаратат, бетине көө жабат да, туурабы? Албетте, Бакиевдин колдоочулары азыркы бийликте отурушат, спикер, ЖК депутаттары, министрлер бар. Алар өз убагында акырынан жем жегендиктен, жөн отурбай тымызын аракеттерин кылууда. Бирок, ошолордун ыплас иштеринин аркасында акталып кетүүсүн ойлогондон таптакыр алысмын. 2010-жылдагы каргашалуу коогалаңда каза болгондон сырткары канчалаган жарадарлар ок жеп майып болушту? Канчасы бүгүнкү күндө зар какшап жатышат? Ошондогу талап-тоноочулукту, рейдерлик басып алууларды айтпаганда да, Бакиевди актоо аракеттери коомчулуктун толкундоосуна жана сырткы саясый күчтөргө курал болуп бериши ыктымал...
Качкын БУЛАТОВ, укук коргоочу:
-- Курманбек Бакиевди апкелүү же актоо аракеттерин ким кылып атса, ошо адамдын өз башына тийет. Себеби, Бакиевдин жасаган кылмыштары өтө көп. Медет Садыркуловдун буюртма өлүмү кимдер аркылуу болгонун, Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Үсөн Кудайбергенов, Тынычбек, Рысбек Акматбаевдер, Санжар Кадыралиев, Руслан Шаботоев, Геннадий Павлюк ж.б. ондогон буюртма өлтүрүүлөр Бакиевдин тушунда болгонун эч ким унута элек. Мындай кылмышкерди актоо жана апкелүү – бул чоң жаңылыштык. Ал эми Акүйдүн алдында каза болгон жүздөн ашык адамдарды кантебиз? Эч ким кечирбейт. От менен ойноп атышат. Айтып отурса кылмыштары өтө көп. Анын баарын бүгүн унутуп коюп, кучак жайып тосуп ала тургандай элдин баары акылынан ажыраган келесоо эмес да.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити