Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлүм жок. Эки дүйнөнүн ортосундагы өткөөл гана бар

Өлүм жок. Эки дүйнөнүн ортосундагы өткөөл гана бар

08-октябрь, 18:00
1 235 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жыйырма үчкө чыктым, бирок али өлбөстүк үчүн эч нерсе жасай элекмин.

(Гай Юлий Цезарь)

                                    

Адам жанынын өлбөстүгүнө ишенген кишиге дүйнөнүн кыйрашы анчалык деле коркунучтуу болуп көрүнбөйт. 

(Чарлз Дарвин)


Элдин өлбөстүгү анын тилинде.

(Чыңгыз Айтматов)


Өлгөнгө чейин өлүш керек, ошондо гана өлбөстүккө жетесиң.

(Исмаил I)


Өлбөстүк алгачкы жүз жылда гана сүйүнтөт.

(Ольга Арефьева)


Өлүм – өлбөстүктүн башталышы.

(Максимилиан Робеспьер)


Жөнөкөй кишилер үчүн өлүм – бул акыркы аялдама, ал эми генийлер үчүн өлбөстүктүн жолундагы убактылуу тыныгуу.

(Принцалександр)


Токтоолук – өлбөстүккө жол, жеңил ойлуулук – өлүмгө жол. Акылы токтоо кишилер өлүшпөйт, жеңил ойлуулар өлүккө окшош.

(Будда Шакьямуни)


Эгер өлүм менен башталчу болсо, анда өлбөстүккө шашылуунун кереги барбы?

(Леонид  Зорин) 


Өлбөстүктүн биринчи шарты – бул өлүм.

(Станислав Ежи Лец)


Өлбөстүк – бул түбөлүк жарык.

(Андрей  Лаврухин)


Өлбөстүктүн суусун эч ким ичкен эмес.

(Лак макалы)


Биздин арабыздан эч ким өлбөс болуп туулган эмес, эгер өлбөс болуп туулуп калса, ага сүйүнмөк эмес.

(Платон)


Бай өлбөс эмес, баатыр да өлбөс эмес.

(Монгол накылы)


Өлбөстүккө аттанган киши жүктү көп албашы керек.

(Вольтер)


“Жан өлбөс” деген ишеним адамга адам бойдон калыш үчүн зарыл.

(Борис Кригер)


Адам корккондо өлүмдү, кыялданганда өлбөстүктү ойлойт.

(Пифагор)


Адамдын мээси менен жаны өлбөс.

(Константин Циолковский)


Өлбөс болуш үчүн мен өлүүгө тийишмин.

(Вильгельм Виндельбанд)


Түбөлүктүү бир иш жасасаң, өлбөстүк деген ошол эмеспи.

(Жозеф Эрнест Ренан)


Эми ал эркин, эми ал коопсуз, эми ал өлбөс.

(Сенака маркумдар тууралуу)


Маркумдар биздей эле угат, бирок жооп гана бере алышпайт.

(Аль-Бухари, хадис 1370)


Өлүм өлбөйт.

(Дэвид Лоуренс)


Өлгөн кандай болорун билгиң келеби? Суук болот, досум. Суук, анан караңгылык басат экен.

(Нил Гейман)


Ойго чөмүлгөн адам өлбөс. Абсолюттук түрдө өлбөс болбосо да ошого жакын. Ал түбөлүк тирүү.

(Харуки Муракаими)


Жыйырма жашымда мен өзүмдү өлбөсмүн го деп ойлодум эле.

(Донна Тартт)


Адам айбан болуп турганда аларга өлбөстүктү бербеш керек.

(Сергей Лукьяненко)


Өлүм жок. Эки дүйнөнүн ортосундагы өткөөл гана бар.

(Индеецтердин накылы)


Гений – бул жөнөкөй адамдын өлбөс варианты.

(Сергей Довлатов)


Жаштык гана өлбөстүккө ишенет.

(Дэвид Герберт Лоуренс)


Улуу адамдар өлүмдөн коркушпайт, алар өлбөстүккө кетишет.

(Валентин Рычков)


Оору менен өлүм бизге өлбөс эмес экенибизди эскертип турат.

(Ракеш Чадана)


Татыктуу өлгөндү билген киши татыктуу жашай да алат.

(Бусидо кодексинен)


Өлбөстүктү адамдар өлүмдүн колунан алышат.

(Леся Украинка)


Чындыгында өлүм гана өлбөс.

(Джеймс Гудвин)


Өлбөс кишилер өлүк болуп туулушат.

(Рамон Гомес де Ла Серна)


Өлбөстүктү өлбөстүк эңсегендер ойлоп табышкан.

(Борис Пастернак)


...ал өлгөн жок, ал жашоодон кетти.

(улук Жозеф Анри Рони)


Биз өлүмдөн коркпогонубузда, өлбөстүк жөнүндөгү идея дегеле жаралмак эмес деп ойлойм.

(Бертран Рассел)


Мамат Сабыров 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер