Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кызыма айткан кырк эреже

Кызыма айткан кырк эреже

07-август, 20:17
379 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1. Алгач өзүңдү сүй.

2. Жашоодо көралбастар көп кезигет, өзүңдү колго ал да, алардан ары басып кет.

3. Буюм сени бактылуу кылбайт.

4. Бирөөнү сөз кылып, сындаба. Бирок ар дайым сени бирөө сөз кыларына даяр бол.

5. Көйгөй – бул жашоонун аягы эмес.

6. Өзүңдү өзгөлөр менен салыштырба. Анткени эч ким сендей боло албайт.

7. Бирөөнү канчалык катуу жакшы көрсөң да, өзүңдү жоготпоого аракет кыл.

8. Сүйлө. Сени угуучуларды тап жана өзүң чечим чыгара бил.

9. “Жок” деп айтууну үйрөн жана аны колдонуудан коркпо.

10. Эгер өмүр тарыхыңды жазуу керек болсо, болушунча барактарды бактылуулукка чулганган күндөр менен толтур.

11. Эч качан эч бир эркектин артынан чуркаба. Ал сени өзү издеп тапканы жакшы.

12. Дарегиңе айтылган комплименттерди кабыл ала бил жана аларга ишен.

13. Калп айтпа.

14. Өз аракетиң менен бактылуу бол жана жалгыздыктан коркпо.

15. Эч качан өзүң туюп жаткан сезимди айтуудан тайсалдаба.

16. Колуңа эмне тийсе, оку. Билим – бул күч.

17. Сен кимдир бирөөнүн менчиктеп алган буюму эмессиң.

18. Ийгиликсиздиктен коркпо. Ал сени ийгиликти багындырууга үйрөтөт.

19. Ар дайым өзүңө өзүң тирек бол. Өзүңө гана ишен.

20. Бирөөгө жардам бер, бирок милдет кылба.

21. Ыраазычылык билдирүүнү адат кыл.

22. Өз интуицияңа ишен.

23. Сылык бол.

24. Сенин кыймыл-аракетиң ким экендигиңди көрсөтөт.

25. Баардык нерседен сулуулук таба бил.

26. Сени сүйгөн адамдар менен байланышты үзбө.

27. Башыңды бийик көтөрүп жүр.

28. Керек гана учурда ыйла жана андан өзүңө керектүү күч топто.

29. Күлкү – көңүл дабасы, дайыма күлүп жүр.

30. Бийик музыка жагабы? Анда музыка ук, бийле, ырда.

31. Сөз пайдубал түптөгөнү менен аны урата да алат.

32. Кечирим суроо – бул алсыздык эмес.

33. Билем кээде мени жаман көрөсүң. Бирок мен сени ар дайым жакшы көрөм.

34. Эмнени каалап жатсаң, мага дайым айта аласың. Мен ар дайым сенин жаныңдамын.

35. Ар дайым эсиңде болсун, мен сени кандай учур болбосун баары бир жакшы көрөм.

36. Билип жүр, сен өзүң ойлогондон да көп нерсеге шыктуусун.

37. Сен аябай татынакайсыңушуну унутпа.

38. Дайым сени колдоого даярмын.

39. Мен сенин баардык катачылыктарыңды кечирүүгө даярмын.

40. Намысыңды бек сакта.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер