Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күлкү – бул жаңы жашоо. Күлкү жаңырып турганда өлүм келбейт

Күлкү – бул жаңы жашоо. Күлкү жаңырып турганда өлүм келбейт

23-июль, 20:19
366 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тирүү жандардын арасынан адам баласы гана күлгөнгө жөндөмдүү.

(Аристотель)


Каткырып күлүү менен жүрөгүңдүн ыйын жашыра албайсың.

(Марина Цветаева)


Күлкү – бул күн, ал адамдын жүзүндөгү кышты кетирет.

(Виктор Гюго) 


Күлкү – бул жашоонун көз жашындагы кызгылтым көбүк.

(Василий Шукшин)


Акыбалың аябай эле начарлап кеткенде күлгөндөн башка аргаң калбай калат.

(Джим Керри)


Турмуштан көп запкы көргөн кишилер баарынан көп күлүшөт.

(Евгений Петросян)


Артынан караганда күлүп жаткан киши деле, ыйлап жаткан киши деле бирдей көрүнөт.

(Мел Брукс)


Адамдарды күлдүргөнгө караганда ыйлаткан оңой.

(Вивьен Ли)


Күлкү – бул жаңы жашоо. Күлкү жаңырып турганда өлүм келбейт.

(Мария Семенова)


Адамдарды тилиң менен эмес, ишиң менен күлдүрүш керек.

(Льюис Кэрролл)


Күлкү бар үйгө бакыт келет.

(Жапон накылы)


Күлкү менен музыка ойду жеп салат.

(Чак Паланик)


Сени күлдүргөн кишиге кантип ачууң келет?

(Джей Лено)


Үч нерсе: күлкү, уйку жана үмүт бизге турмуштун азабын жеңил кылуу үчүн берилген.

(Мария Домбровская)


Мен күлүп жаткан болсом, демек, ыйлап жатам.

(Виктор Гюго)


Эгер күлгөндү билген болсоң, бул жашоодо көп күлкүлүү нерселерди тапса болот. Кандай дейсиңер?

(Эрих Мария Ремарк)


Кишилердин күлкүсүн уккан кандай жыргал!

(Саймон Пегг)


Даргага бараткан болсоң жарданып карап турган аламанга күлкү ташта, башкесердин колуна тыйын бер, башыңа сыйыртмак салынганда да күлүп тур.

(Роберт Джордан) 


Өкүмдарлар күлүп турган элге зордук-зомбулук кыла алышпайт.

(Виктор Гюго)


Эгер күлкү өмүрдү узартары чын болсо, мен дегеле өлбөсөм керек.

(Хайден Панеттьери)


Сенин милдетиң ыйлабай калуу эмес, күлгөнгө үйрөнүү.

(Владимир Леви)


Доордун кайгысы анын күлкүсүнөн билинет.

(Станислав Ежи Лец)


Тамашаң чындыкка канчалык жакын болсо, ошончолук күлкүлүү угулат.

(Гарик Харламов)


Бирөөлөр менен күл, бирок бирөөлөрдү шылдыңдап күлбө.

(Элберт Хаббард)


Күлгөнгө тыюу салынган жерде ыйлаганга деле уруксат жок.

(Станислав Ежи Лец)


Күлкү жакшы нерсе, бирок чындык андан да жакшы.

(Уильям Теккерей)


Өзүңдү күзгүдөн карап деле аябай күлсө болот экен ээ?

(Генрих Гейне)


Улуу кайгы менен күлкү дайыма үзөңгүлөш жүрөт.

(Джон Леннон)


Бизди аз гана киши күлдүрө алышы мүмкүн. Бирок, туш келген эле киши ыйлата алат.

(Билл Мюррей)


Кээде күлкүдөн деле жүрөк ооруп калышы мүмкүн, натыйжада кубаныч кайгыга айланат.

(Инжил Китеп)


Карыларды шылдыңдап күлбө, бир күнү өзүң да картаясың.

(Жапон накылы)


Күлгөн киши кечире да алат.

(Василий Ключевский)


Күлкү – бул ички эркиндик.

(Джеймс Крюс)


Эч качан күлбөгөн, анан тынбай күлгөн кишиден этият болуш керек.

(Алекс Ведов)


Эгер сен өзүңө өзүң күлө албасаң, анда башкалардын үстүнөн күлгөнгө дегеле акың жок.

(Тайгер Вудс)


Акылдуунун күлкүсү көрүнөт, бирок угулбайт.

(Пьер Буаст)


Көз жаш эмне экенин билген киши күлкү эмне экенин да билет.

(Вера Фигнер)


Мамат Сабыров 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер