Акыркы кабарлар
21:02
» Кеменгер кеп » Жүгөрүнүн чачыгы өттү тазалап, кандагы канттын деңгээлин түшүрөт
Жүгөрүнүн чачыгы өттү тазалап, кандагы канттын деңгээлин түшүрөт
18-июль, 22:21

Жүгөрүнүн чачыгы өттү тазалап, кандагы канттын деңгээлин түшүрөт. Ошого катар боор менен уйку бездин иштешин жакшыртат, арыктаганга жакшы өбөлгө. Тамакка болгон табитти төмөндөтөт. Нерв системасын тынчтандырат. Аны ичкен убакта жеңил, мүнөздөп тамактануу керек. Дайыма тамактан 30 мүнөттөн кийин ичүү шарт.
Өт айдоо үчүн 200 гр кайнаган сууга 1 аш кашык жүгөрүнүн чачысын салып, демдеп, тундуруп сүзүп, 1 күндө 4 жолу 1 чоң кашыктан 2 жума ичүү керек.
Боор, өт оорусуна, заара айдаганга 2 чоң кашык жүгөрүнүн чачысын 200 гр стаканга салып, үстүнө кайнак суу куюп, эмаль идишке суу куюп, ага стаканды салып, капкагын жаап, жай отко 10-15 мүнөт кайнатуу зарыл. Күнүнө 4 маал 1 чоң кашыктан 2 жума ичип, 1 ай дем алып, кайра 2 жолу кайталайсыз.
Диабетиктер үчүн 2 чоң кашык жүгөрүнүн чачысын 500 мл сууга салып, 5-8 мүнөт кайнатып, тундуруп сүзүп, бир күндө тамактан кийин 3 маал 1 чоң кашыктан 6 ай ичүү керек. Ушундай эле тунманы даярдап, 3 жума ичип, 2 жума эс алып, 5 ай ичсе баш оору айыгат. Ушундай эле өлчөмдө ичүү менен бөйрөктөгү, өттөгү ташты жок кылууга болот жана циститтен да арылтат."Азия Ньюс" гезити