Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эколог – бул азыркы пайгамбар: эртең эмне болорун айтса, биз аны шылдыңдап күлөбүз

Эколог – бул азыркы пайгамбар: эртең эмне болорун айтса, биз аны шылдыңдап күлөбүз

18-июль, 22:17
463 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күнөөкөрлөр канчалык көп болсо, вулкандар ошончолук арбын атылат.

(Сергей Федеров)


Бизде пессимисттер ушунчалык көп, алар жадагалса эртең болчу катаклизмдерге да ишенишпейт.

(Виктор Фрайда)


Эгер адамдар адамча айтканды, адамдын кайгы-муңун түшүнбөсө, анда Кудай өзү биздин иштерге кийлигишүүгө аргасыз болот. 

(Рад Абен)


Жаратылыш эч качан жаңылышпайт, адамдар гана жаңылып, ката кетиришет.

(Иоганн Вольфганг Гете)


Жаратылыш баш ийгенге гана баш ийет.

(Френсис Бэкон)


Жаратылыш так эместикти жана катачылыкты кечирбейт.

(Ральф Уолдо Эмерсон)


Жаратылыш – бул биз окуп жана туура түшүнүүгө тийиш болгон китеп.

(Микаэл Налбандян)


Бир адамдын артында из калат, жүз адамдын артында чыйыр жол калат, миң адамдын артында какыраган чөл калат.

(Чыгыш накылы)


Жаратылыш – эне, даанышман, бирок анын баласынын мээси жок.

(Уильям Шекспир)


Бир күндө жок болгонду калыбына келтириш үчүн жүз жыл керек.

(Ромен Роллан)


Эгер киши кийик чындап эле бар болсо, аны эчак жок кылмакпыз.

(Александр Жуков)


Жаратылышка конокко келгенде өзүңдү коноктогудай алып жүрүшүң керек.

(Арманд Давид Львович)


Балким, Кудай чөлдү адамдар бак-даракты көргөндө сүйүнсүн (!) деп жараткандыр?..   

(Коэльо Пауло)


Жаратылышта сыйлоо да, жазалоо да жок, кесепети гана бар.

(Роберт Грин Ингерсолл)


Кудай кечирет, адамдар да кечирет. Жаратылыш гана эч качан кечирбейт.

(Гете Иоганн Вольфганг)


Жандуу сулуулук жок болуп баратат. Жакында зоопарктар эле калат го...

(Борис Васильев)


Космостук көз караш менен караганда, жер жүзүнө тартаралар эмес, таштандылар коркунуч туудурат.

(Авессалом Подводный)


Акыр заман эң акыркы үч кит жээкке чыгып калганда келет.

(Сергей Хохлов)


Өнүкпөгөн өлкөлөрдө суу ичкен кооптуу болсо, өнүккөн өлкөлөрдө аба жуткан кооптуу.

(Джонатан Рейбан)


Адам өзүнө өзү кожоюн болмоюнча жаратылышка кожоюн боло албайт.

(Георг Гегель)


Жаратылыш храм эмес, өнөркана. Адам болсо анда иштеген жумушчу.

(Иван Тургенев)


Отун канчалык көп болсо, токой ошончолук алыс качат.

(Александр Жуков)


Илегилектер жер жүзүндө адамдар көбөйгөнүнөн улам азайып кеткен жокпу?

(Юрий Скрылев)


Дүйнө ар бир адамдын керектөөсүн канааттандыра алат, бирок адамдардын суктугун тойгуза албайт.

(Махатма Ганди)


Эгер тиш чукугуч керек болсо, биз даракты балталагандан да кайра тартпайбыз.

(Роберт Лембке)


Канада бобрлардын сөөгүнүн үстүнө курулган.

(Маргарет Атвуд)


Үй куруучу – бул токойдун арасына там салгысы келген киши. Жаратылышты коргоочу – бул токойдун арасында үйү бар киши.

(Деннис Миллер)


Жашаш үчүн күн, эркиндик, анан бир кичинекей гүл керек.

(Х.К.Андерсен)


Жаратылышка байкоо салып, ал көрсөткөн жол менен жүрүш керек.

(Жан-Жак Руссо)


Эгер жаратылштын тилин түшүнө алсаң, “дүйнө кандай керемет!” деп айтасың.

(И.С.Никитин)


Аба менен сууну тазалагандын ордуна аны булгабаш керек.

(А.Н.Несмеянов)


Эколог – бул азыркы пайгамбар: эртең эмне болорун айтса, биз аны шылдыңдап күлөбүз.

(Николай Векши)


Эгер биз мышык менен ойноп жаткан болсок, али ким ким менен ойноп жатканы белгисизбиз аны мененби, же ал биз мененби.

(Мишель Монтень)


Эгер биздин өпкөбүз болбогондо уулуу заттар абага батпай кетмек.

(Роберт Орден)


Жаратылыш эч качан жаңылбайт. Эгер ал келесоону жараткан болсо, демек, келесоо да керек.

(Шоу Гейне)


Жаратылышта брак деген нерсе каралган эмес.

(Наполеон Бонапарт)


Азыркы эң чоң катастрофалардын баары адамзат жаратылыштын мыйзамдары менен эсептешпегенинен, кара курсакты жерди жексендөө менен тойгузууга мүмкүн эмес экендигин түшүнгүсү келбегенинен улам болууда.

(Ж.Дорст)


Жер шары кашкайып, таз болуп баратат.

(Аркадий Давидович)


Көчөдөгү таштанды башыңдагы таштандыдан башталат.

(Дмитрий Соло)


Чоң иштердин баары чоң каражат менен жасалат. Жаратылыш гана бизге улуу иштердин баарын бекер жасап берет.

(Александр Герцен)


Жаратылыштын китеби математиканын тилинде жазылган.

(Галилео Галилей)


Бака өзү жашаган көлмөнү эч качан булгабайт.

(Индеецтердин накылы)


Суроону эле туура койсоң, жаратылыш баардык нерсеге үйрөтөт.

(Парацельс)


Жаратылыш мени Кудайды сүйүп, аны менен сүйлөшкөнгө үйрөттү.

(Григорий Распутин)


Жаратылыш жалганды жактырбайт.

(Карлейль)


 Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер