Сарамжалдуу болууну үйрөн, же кантип тез эле байыса болот?
Биздин өлкөдө 120-130 миң үй-бүлө байлардын катарына кирип калды. Алардын арасында чиновниктердин саны көп эмес, жетсе 1000-2000ге жетет. Калгандарынын баары ушул оомал-төкмөл дүнүйөдө соода-сатык, жер, курулуш менен алек болгондор.
Байлардын башкалардан айырмасы
Ийгиликтүү, бай адамдардын баары күнүнө 14-16 саат иштеген кишилер. Кыргыздарда “акчанын битин сыгат” деп коюшат, байлар дайыма иштеп, кыймылдаган кишилер. Өздөрүнүн да жаны тынбайт, жумуш орундарын түзөт, товарды бир жакка сатат, пайдалуу китептерди көп окуйт.
Иши кылып 24 сааттын 14-16 саатын иштемейинче байлык топтой албайсың, бар байлыгыңды сактай да албайсың, андан ары да өнүктүрө албайсың.
Үнөмдөөнү үйрөнүңүз
Чыгаша жагын аябай иреттеп алышыбыз керек. Бир үй-бүлөдө төрт телефон иштеп жатса, бирөөсүн жакшыраак иштетип, калгандары бири-бирине СМС үчүн колдонулуш керек. Бул да киреше булактарынын бири. Эки машина болсо, бирөөгө отуруш керек. Бир машинаны да үнөмдүү колдонуш керек, балким арасында маршруттук таксилерге түшсө болот.
Ушундай баардык чыгашаны жаза баштап, “айына канча акча кетирдим” дегенде көрүнө баштайт.
Аял — кирешенин уюткусу
Кирешенин уюткусу үйдө такай болуш керек. Бул аялзатына абдан таандык милдет. Өкмөттө финансы министри канчалык сарамжалдуу, акыл-эстүү болуш керек болсо, үй-бүлөдө көбүнесе аялдарга көз карандыбыз.
Эркектерге киреше булактарын көбөйтүү милдети таандык. Байкашымча, азыр үй-бүлөлөрдүн көбүндөгү чыр-чатак эркектердин кирешени көп алып келүүнү ойлобой, чыгашага киришип алганынан чыгат.