Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Жашоо – кечээки же эртеңки эмес, бүгүнкү күн...
Жашоо – кечээки же эртеңки эмес, бүгүнкү күн...
26-июнь, 18:30


Бүгүнкү күн ар кандай болушу мүмкүн жана анын кандай болорун сиз гана чече аласыз. Баары сизден көз каранды.
***
Жаңы күн бош баракча жана сиз сүрөтчүсүз. Өзүңүз үчүн эң сонун жашоо сценарийин түзүңүз, жазыңыз жана ал сөзсүз ишке ашат.
***
“Убакыт бар” – ушул сөзгө алданба.
Ким алданса калат чексиз арманда!
***
Жайында кышты, кышында жайды эңсеп жүрө бербей, учурду баалап жашайлы! Жашоо – кечээки же эртеңки эмес, бүгүнкү күн...
***
Эң негизги нерсе акыл эмес. Адам үчүн башкысы – акылды башкарган таза жүрөк, жакшы мүнөз жана жылуу сезим.
"Азия Ньюс" гезити











