Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көздүн көрүүсүн жакшырта турган азыктар кайсылар?

Көздүн көрүүсүн жакшырта турган азыктар кайсылар?

05-февраль, 23:27
5 096 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Илимпоздордун айтымында, дени сак көз бизге айлана-чөйрөнү таанууга жардам берет. Бул эле эмес, адистер жашоодогу маалыматтын 70%ын адам көрүү органы аркылуу кабыл аларын да далилдешкен. Ал эми көрүү процессинин жакшы жүрүүсү үчүн жашылча жана жер-жемиштердин өзгөчө пайдалуу экени маалым.
 
Ашкабак. Ашкабак дагы составында каротин көп кездешкен жашылча экени белгилүү. Таасири күчтүүрөөк болсун үчүн аны тамакка кошуп жей берсе болот. Мисалы: ашкабакты пюре, шорпо, салат катары даярдап кабыл алуу натыйжалуураак келет.
Кызылча. Кызылчанын курамында көз үчүн пайдалуу болгон цинк элементи бар. Ошон үчүн бул дагы көздүн көрүүсү үчүн жакшы азык болуп саналат. Аталган жашылчаны сүйбөсөңүз, ашкабактын чемичкесин чаксаңыз болот. Андан сырткары, кызылчадан салат жасап, ага болгар калемпирин, сабиз, цитрус жемиштеринин ширесин жана оливка майын кошуп жеген натыйжалуу.
Сабиз. Бул жашылчанын курамы каротинге абдан бай келет. Ошон үчүн сабиз көрүүнү жакшыртуучу жана "күүгүм сокуру" (куриная слепота) оорусун айыктыруучу дараметке ээ. Каротин организмге жакшы сиңиши жана таасирдүү болушу үчүн жаңы сабизди туурап, суу май же каймакмай менен аралаштырып жеген жакшы. Сабизден жасалган шире суусундугу да абдан пайдалуу.
Ит мурун. Ит мурун С витаминин камтыган, деги эле витамнге бай өсүмдүктөрдүн лидери. Ошон үчүн аны күн сайын демделген чай катары ичсеңиз, сиз көзүңүздүн кан тамырларын бекемдеген болосуз. Ошон үчүн ит мурун чайы менен кара карагаттын киселин айкалыштырып ичүүнү адатка айлантып алыңыз. Анткени, кара карагатта дагы дени сак көз үчүн өзгөчө пайда берүүчү каражаттар бар.
Петрушка. Адистер
 кадимки эле петрушканын ширесин сыгып ичип туруу көрүү нерви жана көз менен байланыштуу ооруларды жоёт деп айтышат. Себеби, курамы пайдалуу азыктарга бай аталган чөп көрүүнү курчутуучу жана кан тамырларды бекемдөөчү сапатка ээ. Петрушка күчтүү каражат болгон үчүн муну күнүнө бир аш кашыктан гана 3-4 жолу ичип туруу жетиштүү. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер