Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялын сүйбөй калган эркек кандай өзгөрүүгө дуушар болот?

Аялын сүйбөй калган эркек кандай өзгөрүүгө дуушар болот?

01-февраль, 13:16
4 040 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эгерде кандайдыр бир окуялардан кийин эркек аялынан көңүлү калса, андан улам аялын жактырбай баштаса, төмөнкү 5 нерсени жасайт. Бул боюнча beles.kg төмөндөгүлөргө токтолгон. 

Башкалардын көзүнчө басмырлайт

Эркектин басмырлаганы абдан оор жана катуу тийет. Бирок муну башкалар көрбөсө, көпчүлүк аялдар көбүнчө сабыр кылып чыдап жүрө беришет. 

Аялынын кемчиликтерин шылдыңдайт 

Ар бир эле адамдын көптөгөн жетишпестиктери жана комплекстери болот. Мисалы, аял сууга түшкөндү билбеши мүмкүн. Мамилелерде адамды кемчилиги менен кошо кабыл алуу керек, анткени алар адамдын бир бөлүгү болуп саналат.

Ар дайым ар кандай талаптарды коё баштайт

Айрым эркектер аялы андан корккон сайын өзүн жагдайдын кожоюну сезип, ар кандай талаптар менен ультиматумдарды коё баштайт. “Мамилени сактап калалы” деп көп аялдар анын баардык талаптарын аткарууга тырышат.  

Өзүн агрессивдүү алып жүрөт

Аялын сыйлабай калган эркек көп учурда аялына агрессиясын көрсөтүп, жинденип, каарданып, жумурткадан кыр издеп ызы-чуу салышы мүмкүн. Ыгы жок жерден эле кылдан кыйкым таап, жасаганын жактырбайт.

Башка аялга көңүлү түшөт

Үй-бүлөлүк кризис маалында мырзалардын көбүнүн ою бузулуп, башка аялдарга, кыздарга көп көз артта баштайт. Башка бир аялзаты анын аялынан жакшыраак, сулуурак, баалуурак көрүнөт. Айрымдар башка аял менен мамиле түзүп да кетет.

Эң негизгиси, аял да, эркек да бири-бирин сүйүүдөн тышкары урматтоону үй-бүлөлүк жашоо башталгандан тартып бир нукка салбаса, кризис маалында бул туура эмес кесепеттерге алып келиши ыктымал. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер