Дубанын күчү
(Өтө кызыктуу окуя)
Ишан Хусейни аттуу пакистандык доктур эл аралык бир конференцияга катышуу үчүн сапарга чыгат.Отурган учагы аба ырайы начарлап, чагылган тийгендигинен улам эң жакын аба майданына конууга мажбур болот. Мындан кийинки учак 16 сааттан кийин гана учарын уккан доктур абдан ачууланып, “мен ал конференцияга сөзсүз катышышым керек, 16 саат күтө албайм” деп бакыра баштайт. Аба майданынын кызматкерлери бара турган шаар жеңил унаа менен 6 саатта жете турган аралыкта экендигин жана кааласа ижарага бир унаа алып, жетишип каларын айтып, кеңеш беришет. Бир унааны ижарага алып, жолго чыккан доктур токтобогон жамгырдан улам жолдордун көбүн сел алып кеткенинен улам акыры бир айылдын четине токтогонго мажбур болот. Жолдун боюнда бир кичинекей үйдү көрүп, анын эшигин тыкылдатат. Эшикти улгайып калган бир кемпир ачат. “Телефонуңузду берип турасызбы?” деген доктурдун кайрылуусуна аял жылмайып, “балам, кайдагы телефонду айтасың? Бул жерде жадагалса электр жарыгы да жок. Андан көрө жамгырда сыртта турбай, ичкери кир. Курганып, ысык чай ич, эс алган соң анан карап көрөсүң айласын” деп жооп берет. Башка чарасы калбаган доктур айласыз үйгө кирип, кемпирдин ысык чайын ичип отуруп калат. Ал эми бул убакта кемпир намазын окуп болгон соң, колун жайып көпкө дуба кылат. Үйдүн бир бурчунда бешикте кичинекей бала эч бир кыймылсыз жатканын байкаган доктур “энеке, бул бешиктеги бала кимиңиз болот? Деги тынччылыкпы? Көпкө ыйлап дуба кылдыңыз...” деп кайрылат. “Бул атадан да, энесинен да жетим калган неберем. Жаман бир оору менен ооруйт, айланадагы дарыгерлердин күчү жетпей койду. Ишан Хусейни деген бир доктур бар имиш, “ошол гана бир айласын таба алат” дешти. Бирок ал бизден узакта экен, ошондуктан Кудайга дуба кылып, бул бечаранын иши оңунан чыксын деп жалбарып жатам. Муну уккан доктур Хусейни көзүнө жаш алып, “туруңуз, энеке! Аллах сиздин дубаңызды кабыл кылды. Сиздин дубаңыз чагылганды учакка тийгизип, жолдорду сел алдыртты жана акыр аягында бутуңуздун астына мени алып келип койду. Доктур Ишан Хусейни деген менмин” деп кайрылат.
Айласыз жана чарасыз калганда, Жараткан Аллахка жалбарып дуба кылыңыз, Ал албетте сизге бир жол ачат.
"Азия Ньюс" гезити