Күн сайын адам болуу оорбу, ушунчалык кыйын болуп кеттиби?


“Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” – ташка тамга баскандай улуу сөз. Күн сайын, ар бир күнү адам болуу чындап эле ушунчалык кыйынбы? Оорбу? Азаппы? Бул жарыкчылыктын, ачык асмандын түркүгү эмес экенибизди баарыбыз билебиз... Баарыбыз... Күн санап карып бара жатканыбызды да билебиз. Алып-учуп убакыт өтүп баратканын да билебиз. Бири-бирибизди жоготуп, түгөнүп, суюлуп бара жатканыбызды да билебиз. Бирок көкүрөгүбүздө, жүрөгүбүздө эмне бар? Кандай сезимдерге чулганып алганбыз? Адамдардын адамдарга болгон жылуулугу өчүп, муздап, тоңуп бара жаткандай. Кайсы бир жомоктогудай, күн көрүнбөй түн гана каптаган калаадай адамдардын жүрөктөрү, сезимдери кир. Карарган. Түбөлүк түндө калгандайбыз... Бир күн адам болобуз. Жакшы сүйлөйбүз. Жакшылык кылабыз. Бирок, бир гана күн! Күн сайын андай эмеспиз. Кайра эртеси каргайбыз... Жамандайбыз... Урушабыз. Интернетти ачып карай калсаң, бир ырчы сүрөтүн жүктөсө, он пайызы жакшы сөз айтса, токсон пайызы жерден алып көргө, көрдөн алып жерге ыргытат. Каргап-шилейт. Кудум тарп чукуган кузгундардай болуп, кемчилигин чукуп чыгышат. Бир замандар өттү. Адамдарга жырткычтар кол салышчу. Жырткычтар жеп кетчү. А азыр адамдарды адамдар жейт. Алсыздарды күчтүүлөр жейт. Бирөөнүн жашоосун бир заматта астын-үстүн кылып жиберебиз. Бир кездеги жапжашыл калааны, таптаза абаны ыш, түтүн каптагандай, адамдар да кирдедик. Акчанын кулу болуп, өз кызыкчылыгыбыз үчүн башкаларды жанчып, тебелеп-тепсеп кете беребиз. Биздин ушундай жагдайыбызды билип, залкар жазуучубуз чакырык таштады: “Адамга эң кыйыны – күн сайын Аадам болуу”.
Жамиля Нурманбетова
Аryba.kg











