Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Чачтын түшүүсүн эмне токтотот?
Чачтын түшүүсүн эмне токтотот?
06-декабрь, 22:14


Британиялык трихолог Филип Кингсли “адамдын организминде чачтын кадимкидей өсүшү үчүн көбүнчө В12 витамини жетишпейт” деди. Бул тууралуу "Express" билдирди.
В12 нерв системасынын иштешин жакшыртып, ДНКнын пайда болушунда маанилүү ролду ойнойт жана чач фолликулаларын кычкылтек менен камсыз кылуу менен ден соолугун чыңдайт деп айтылат.
В12 витамини жетишсиз болгондо, чачка кычкылтек жетишсиз болуп, андан кийин кадимкидей өсүшүн токтотуп, түшө баштайт. Бул витаминдин жетишсиздигин атайын кошумчалар жана азыктар менен толуктоого болот.
В12 витамининин булактары: үй канаттуулары, боор, жумуртка, лосось, треска, сүт, соя сүтү, дан жана ачыткы.
"Азия Ньюс" гезити











