Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялды “сиз” деп турган ысык ыкласы үчүн сүйүңүз

Аялды “сиз” деп турган ысык ыкласы үчүн сүйүңүз

29-ноябрь, 23:10
1 016 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

...Аялды кир жууп, тамак жасаганы үчүн гана жакшы көрбөйт. Аялды ооруп, кыйналып атса да байкатпай сизден жашырган көзүндөгү муңу үчүн сүйөт. Аялдын жанында ааламдын бар кыйынчылыгы унутулганы үчүн сүйөт. Кээде бийик, кээде пас болгон акылы үчүн сүйөт. Таң менен жарышып сиздин үйдөгү шаттыкты ойготкон баланын күлкүсү үчүн, ошол ыйык наристени сизге тартуулаганы үчүн сүйөт. Сизге гана тартуулаган түндөрү үчүн сүйөт. Көңүлүңүз түшүп, жаныңыз жай ала албаган убакта жаныңыздан табылгысы келип, кабагыңызды карап турганы үчүн сүйөт...

“Сиз” деп турган ысык ыкласы үчүн сүйүңүз. Сиз айткан орунсуз тамашага жылмайып гана сабыр билдиргени үчүн сүйүңүз. Аялдын боюндагы асыл тилеги менен айтылбас купуясы үчүн сүйүңүз. Аялдын боюндагы каршылыкты сүйүңүз. Аялдын боюндагы аруулукту, сулуулукту сүйүңүз. Жөн гана аялдын бар экени үчүн сүйүңүз. Кучагыңызды чын махабаты менен толтурганы үчүн сүйүңүз. Дал азыр аны менен бирге боло алганыңыз үчүн сүйүңүз. Ал адамды аяганды үйрөнүңүз! Ал барда кучагыңызда бүткүл аалам бар, ошону унутпаңыз! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер