Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлгөн адамдай болбо! Жүрөгүң согуп жатат... Сен тирүү жансың!

Өлгөн адамдай болбо! Жүрөгүң согуп жатат... Сен тирүү жансың!

22-ноябрь, 21:59
1 872 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сонун кыялдарды башта... Болгон сезимдериң, жандүйнөң, тулку боюң менен болушунча берилип кыялдан. “Тилектер орундалбайт” деген болбогон сөз. Эгер ал сенин кыялдарың болсо, сен ага чын жүрөктөн ишенсең, берилсең, кыймылда болсоң, четинен аткарыла баштайт. Мындай образ жандүйнөңдү эс алдырат. Алсырап, көңүлсүз жатсаң төшөгүңдөн тургузат. Ойготот. Кыялдануу мурда сен жолукпаган, жетпеген бактылуу ирмемдерди тартуулайт.  

Сонун кыялдар акырындап максатка жеткирет. Аракеттер, каалоолор менен максатты жүзөгө ашырсаң болот. Максат жол көрсөтөт. Кыялсыз сен сокур, көзү көр адамсың. Кай тарапка бара жатканыңды, кайда барарыңды да билбейсиң. Турмуштун шамалына ары жылбай, бери жылбай, бир ордуңда айлана бересиң. Тегерене бересиң. Океандагы бир багытты көздөгөн кораблдей бол. Жараткан берген бир жашоону көңүлүңө толгудай кылып жаша. Тузу кем тамактай ар убак бир жетишпеген нерсе жүрөгүңдү оорутпасын. Жүрөгүңдү өйүбөсүн. Жандүйнөңдү кейитпесин. Кыял-максаттар гана жашообуздун өзөгү, тамыры жана маңызы. 

Жок адамдай, өлгөн адамдай болбо! Сен тирүү жансың. Жүрөгүң согуп жатат. Тамырларыңда кан айланып жатат. 

Биз жарык дүйнөгө эмнеге келдик? Көңүл чөгөрүп, капаланып, иштен башыбызды албай, эс албай, дайыма азап тартып, кыйналып жүрүүгө жаралган жан эмеспиз. 

Айланаңды карасаң, жаркырап күн чыгып, гүлдөр ачылып, керемет музыкалар ойнолуп, жүрөктөгү сүйүүлөр бакытка жетелеп, дагы башка сонун нерселер болуп жатат. Бир гана өзүңдүкү болгон, көкүрөккө уялаган арзуу сыяктанган сонун сезимдериң болсун. Биз алгач кыялданууга, анан бул жарык дүйнөгө жаңы нерселерди жаратууга жаралган адамдарбыз.

Бул күндөрдү, бул жылдарды текке кетирсең, сенин ордуңа башкалар сенин тилегиңди аткарышат. А сен болсо ар убак башкалардын максаттарын жүзөгө ашырасың. Алар үчүн иштеп бересиң. Жашоого ошон үчүн жаралдыңбы? Ошон үчүн төрөлдүңбү?

  Эстечи?! Элестетчи?! Качандыр бир убактарда сонун кыялдангансың. Ал сонун, жомоктогудай ирмемдер болчу... Алар азыр кайда кетти? Кай тарапка учуп кетти?.. Дүйнө жүзүн кыдыргың келчү. Шумдук шедеврлерди жаратып, артыңдан из калтыргың келчү. Көп нерсени биле бербесең да, жүрөгүңдө ушундай кыялдар бар болчу. Кээде жөн гана бир адамды катуу сүйүп, бактылуу болгуң келчү. Романтикалуу ирмемдерди элестетчүсүң. Кийин ал кыялдардын баары унутулду. Чоң адам болдуң. Бирок баарын унуттуң.

Бул дүйнөнү, сонун нерселерди кыялкечтер курган. Акылсыздар, жүрөгү булганган адамдар гана эч нерсеге ишене алышпайт. 

Кыялданууну азыр башта. Азыр! Чоң нерселерди да, майда нерселерди да кыялдан. Алгач өз фантазияңды, ойлоруңду жарата бил. Анан ак кагазга түшүр. Баарына ишен! Кыймылда! Бүгүн баштап, эртең таштап койбо! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер