Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тез уктап калуунун сонун ыкмалары

Тез уктап калуунун сонун ыкмалары

18-ноябрь, 20:15
1 912 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Пекин ооруканасынын клиникалык психология бөлүмүнүн башкы дарыгеринин орун басары Ши Хуэй Хуаньцю Шибао менен болгон маегинде "жашоонун тез темпи жана тынчсыздануунун күчөшү уйкуну бузуп, организмге терс таасирин тийгизет" деди.

Бул процессти нормалдаштыруу үчүн адис таңкы саат 07:00дөн кечикпей туруп, эрте уктай турган адатты иштеп чыгууну сунуштады.

"Ошондой эле, уктаардан мурун акыркы саатта уюлдук телефонду колдонуудан баш тартуу керек. Экрандан чыккан жарык мелатонин гормонунун синтезин татаалдаштырат, ошентип денени алдайт" деп түшүндүрдү Ши Хуэй.

Чай, кофе жана башка дүүлүктүрүүчү суусундуктардан баш тартуу – тез уктап калууга жардам берет.

Дарыгердин айтымында, уктаардан мурун жасала турган эң жакшы нерселер: ысык ванна, китеп окуу жана ичтен дем алуу көнүгүүлөрү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер