Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үйүңүзгө байлык алып келе турган эрежелер

Үйүңүзгө байлык алып келе турган эрежелер

15-ноябрь, 23:49
7 207 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Байыркы кездерден бери эле адамзат үйгө келе турган байлыктын агымын көбөйтө турган жөнөкөй сунуштарды карманган. Аялзаты үчүн маанилүү болгон мындай жөнөкөй сунуштамалар азыркы заманбап дүйнөдө да актуалдуулугун жоготпой келет. Анда үйүңүзгө байлыктын энергиясын алып келет (!) деген төмөнкү эрежелерге көз чаптырып көрүңүз.

1-эреже

Эң биринчи кезекте кире беришти таза кармаңыз. Кыргыздарда да “эшигин көрүп төрүнө өт” деп айтылат. Үйдүн кире беришинде эски-уску бут кийимдердин үйүлүп жатканы, таштанды, шыпырынды толуп калганы жаңы энергияга жол ачпайт экен. Эшигинин алдын таза кармай албаган адамдын жолу жабык болору айтылат.

2-эреже

Ар бир аткан таңда төшөгүңүздү жыйганды, эгерде уктоочу керебетте болсо иреттеп, үстүнө атайын жабууну жаап койгонду унутпаңыз! Кыргыздарда чоң энелерибиз “жыйылбаган төшөккө шайтан ойнойт” деп коюшкан. Андай болсо да, мындай болсо да чачык турган уктоочу бөлмөнүн энергиясы чарчап-чаалыгууну жана ооруну чакырат (!) деп коюшат. 

3-эреже

Уктаар маалда ашканаңыз кандай абалда экенин текшерип көрүңүз. Ашканага жуулбаган кир идиш-аякты, тамак-аштын калдыгын калтырбай тазалап уктаган туура экен. Мунун баары адамдын уйкусунун толук канышына таасир берерин энергетика жаатындагы адистер белгилеп келишет.

4-эреже

Айрыкча көңүлдү ашкана үстөлүнө буруңуз. Уктай турган маалда анын үстүн таптаза кылып жыйнап койгонуңуз жакшы. Болгону жаңы бышкан жемиштер менен гүлдү дасторконго калтырууга болот.

5-эреже

Мүмкүнчүлүк болсо үйүңүз ар дайым таза болсун. Ал жакшы желдетилген жана гүл жыттанган абалда болсо, андан да сонун. Үйүңүздүн абалы жалпы психологиялык абалыңыздан кабар берип турат. Эгерде ийгиликтүү жана өсүп-өнгөн адам болом десеңиз, бакубат жашоодо жашайм десеңиз, турак жайды ар дайым таза кармоо керек болот. Тазалык – бул үйгө байлык келүүдөгү эң башкы эреже экен.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер