Суук күндөрү жан сергитүүчү чайлар
Ысык чай адамды жылытып гана тим болбостон, организмге суук тийип, инфекциялар менен күрөшүүгө жардам берет. Алар сергитип жана дем-күч берет. Ошондой эле бул стресстин деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет. Күздүн суук күндөрүндү жылуулукту сактай турган 3 чай рецепти.
Пайдалууу чай
Керектүү заттар:
2 чай кашык кара чай;
Имбирь тамырынын 5 тилими;
1 таякча корица
Лимондун 2 тилими;
Чай демдеген чайнекке лимондон башкасынын баарын салып, үстүнө кайнаган суу куюңуз. Аны 10 мүнөөт демдеп, андан соң чыныларга лимондон салып, үстүнө чай куюңуз.
Майрамдык чай.
Ал үчүн:
2 чай кашык кара чай;
1 мандарин ширеси;
1 чым-чым корица;
1 чым-чым майдаланган имбирь;
1 калемпир;
1 аш кашык бал.
Чайнекке чай менен татымалдарды салып, кайнаган суу куюңуз. Чайдын температурасы бир аз түшкөн кезде чайнекке мандарин ширесин куюңуз. Чыныларга бал салып, үстүнө чай куюп конокторго сунсаңыз болот.
Сергитүүчү чай.
Керектелүүчү заттар:
2 чай кашык көк чай;
1 аш кашык кант;
2 таякча корица;
1 боо жалбыз;
Апельсиндин 2 бөлүгү;
Чай ичүүгө арналган чоң чыны алыңыз. Ага чай, кант, корица жана майдалап тууралган жалбызды салып, үстүнө кайнаган суу куюңуз. Аны бир нече мүнөткө калтырыңыз. Чайды апельсин бөлүктөрү менен кооздоп же апельсиндин ширесин сыгып кошуп бериңиз.
“Заман”