Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сезимтал адамдар жалгыздыкты өзгөчө жактырышат

Сезимтал адамдар жалгыздыкты өзгөчө жактырышат

03-ноябрь, 18:53
1 372 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сиз жашоодо майда көрүнүштөргө башкаларга караганда кылдат маани бересизби? Айланаңыздагы адамдар кандай сезимде экендиги боюнча ойлонуп көрдүңүз беле? Тынчтыкты, жалгыз бой калууну жакшы көрөсүзбү? Төмөнкү айтылган нерселер сиз тууралуу болсо, анда сиз чыныгы сезимтал адамдардын катарын толуктайсыз. Дүйнөдөгү ар бир бешинчи киши өтө сезимтал келет. Балким сиз дагы алардын катарын толуктайт чыгарсыз.

· Сезимтал адамдар табиятынан терең ойлонгон адамдар болот. Ал башкаларга караганда болуп жаткан нерсени алда канча батырак сезе билет.

· Алар абдан эмоционалдуу келип, кез келгенде кырдаалга жараша жообун дароо берет. Буга кошумча жакындары үчүн жанын берүүгө даяр.

·Мындай түргө кирген адамдар жалгыздыкты жактырат. Өзүнчө ойлонуу менен бирге командалык спорттун түрүнө катышууга андай деле ынтыла бербейт.

· Сезимтал адамдар бир чечим кабыл алууда да көпкө ойлонот. Мисалы, дүкөндөн балмуздак сатып алууда да кайсы бирин алуу үчүн көпкө ойлонот.

· Туура эмес чечим кабыл алса, башкалардан өзгөчөлөнүп жүрөгүнүн түпкүрүнөн өткөрөт.

· Бул түрдөгү адамдар интроверт эмес, экстраверт типтеги адамдардын катарын толуктайт.

· Мындай адамдар командада эң мыкты иш алып барат. Ал анткени алардын терең ойлонуп чечим чыгаруусу, командадагы пайдалуу адамдын бирине айланат.

· Коркунучтуу кинолорду көрө албайт, ал эми турмушка айкалышкан кинолорду жандили менен көрүүгө ынтылат.

· Сын тагууну жакшы көтөрө албайт. Ошондуктан, бул түрдөгү адамдар менен этияттанып мамиле жасоо керек.

Жогорудагы сезимталдык белгилер адамдардын начар болушун эмес, тескерисинче, мындай адамдар табиятынан адамгерчилиги жогору, чынчыл келишет.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер