Гриппти кантип үй шартында айыктырабыз?


· Грипп болгон учурда бир жума төшөктө жатып дарылануу керек. Басып жүрүп дарылануу эффект бербейт.
· Суюктукту көбүрөөк ичүү шарт – бал, малина, лимон менен чай.
· Абаны алмаштыруу үчүн тез-тез бөлмөнү желдетип туруңуз.
· Бөлмөңүзгө пиязды жана чеснокту майда туурап коюу керек.
· Парацетамол, аспиринди температура 38,5 ашса анан ичүү зарыл.
· Жөтөл, какырык жок болсо антибиотик ичүү кажетсиз.
· Мурун бүтсө пияздын ширесин же нафтизин тамчылатса болот. Пияздын ширесин 1 аш кашык бал менен аралаштырып күнүнө 3-4 маал ичүү шарт.
Пияздын курамындагы горчичное масло антибиотик катары таасир берет.
Грипптин эпидемия учурунда пияз менен чеснокту бышырбый 1 пияз,1 чеснок жеп туруу сунушталат. Пияз менен чесноктун курамындагы эфир майлары микробдорду жок кылат.
Кара шалгамдын (черная редька) ширеси суук тийгенде организмди күчтөнтөт: кара редьканын ортосун оюп, 1 аш кашык балды салып, ширеси чыкканда ичүү керек. Мында дем алуу оңойлоп, какырыктын чыгышы жеңилдейт.
Малина, бал, шиповник кошулган чайды көп ичүү сунушталат. 5 аш кашык шиповникти 1 литр кайнаган сууга салып, 8-10 саат (түнү бою) демдеп, бал кошуп ичсе, организм күчтөнөт жана вирустарды айдап чыгат.
Бир литр кайнаган сүткө бир чесноктун башын толугу менен майдалап, аралаштырып ичүү дагы жакшы жардам берет. Пияздын ширесин 1-2 тамчыдан мурунга тамчылатууда да жакшы натыйжа бар.










