Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кызганчаак күйөөлөрдү кантип оңдосо болот?

Кызганчаак күйөөлөрдү кантип оңдосо болот?

14-февраль, 19:30
799 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул типтеги мырзалар баардык эркек аттууну өзүнө атаандаш катары көрө башташат. Анын жашы, социалдык абалы жана сырткы келбети такыр мааниге ээ болбойт. Ал жубайын базардагы сатуучудан, студенттен, коллегасынан да, пенсиялык курактагы коңшусунан да кызгана бериши мүмкүн.

Кеңеш: Эгерде жолдошуңуздун кызганчаактыгы өзүн-өзү баалоосунун төмөн болушунан улам болсо, анда аны көтөрүүгө көмөк көрсөтүңүз. Улам аны мактап туруңуз, ага суктаныңыз. Мүмкүн болсо ар күнү кечинде эртеси күнкү планыңызды айтып, кечинде отуруп алып ал жөнүндө сүйлөшүңүздөр. Дайыма досторуңузга, тааныштарыңызга күйөөңүз тууралуу жакшы гана кептерди айтыңыз. Алардын кимдир бирөөсү күйөөңүзгө бул тууралуу билдирсе, ушул нерсе да мамилеңиздердин чыңдалышына салым кошот. Ал гана эмес, өзүңүз да кызганууга өтүңүз. Улам-улам телефон чалып, кечигип келсе кайрадан сурап турсаңыз, жолдошуңуз сизден айып таап кызгангандын ордуна өзүнүн ак экенин далилдөө менен убара тартып калат.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер