Бурмагүл Мырзакулова, продукт боюнча кеңешчи: “Максилин менен инсульт алган жолдошумду бутуна тургуздум”


-- Максилин качан пайда болгон жана кандай илимий изилдөөлөрдөн өткөн?
-- Максилин 7 жыл изилденип жасалган пробиотик. Союз убагында 1982-1989-жылдары клиникалык изилдөөлөрдөн өтүп, окумуштуулар бул азыкты патенттегенге жетишишкен экен. Максилинди өндүргөн чоң завод курганча эле СССР урап калат. Бирок окумуштуулар чоң симпозиум, көргөзмөлөргө чыгарып, далай медалдарга, дипломдорго ээ болушат. Учурда максилинди Казакстандын үч заводу өндүрөт. Азыр бул пробиотик официалдуу түрдө 7 өлкөдө: Россия, Монголия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркияда колдонулат. Жетекчилик учурда Индия жана Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын айтышууда.
-- Бирок, врачтар баддар ден соолукту талкаларын, боор, бөйрөккө күч келтирерин айтышууда. Максилиндин түрдүү баддардан айырмасы барбы?
-- Максилин – бул бад эмес. Максилин пробиотиктин милдетин аткарган, дарылык касиети күчтүү азык. Кудай Таала адамды туңгак менен жаратып, курсактагы бала туңгак менен тамактангандай эле максилин дагы организмди пайдалуу бактериялар менен камсыздап, буттун учунан чачка чейин оң таасирин тийгизет. Муну кош бойлуу аялдан жаңы төрөлгөн балага чейин ичсе болот. Ымыркайлар аз дозада ичсе, ич көппөй, ичегисинин иштөөсү жакшырат. Айтайын дегеним, муну ичкенде жарактан чыга баштаган органдардын баарынын иши жакшырат. Максилинди инсульт, инфаркт алгандар колдонсо, экинчи, үчүнчү ирет кармабайт. Себеби, максилин организмди күчтөп, энергия берет. Өттүн, боордун, бөйрөктүн иштөөсүнө, кант диабети менен ооругандарга да жакшы таасирин тийгизет. Ашказандагы жараларды жок кылат. Көз айнек тагынгандардын көзү жакшы көрүп, көз айнекке муктаждыгы жоголот.
Максилинди адам ооруганда ичсе, иммунитетти тез көтөрөт. Жоон ичегидеги тамак-аш компоненттерин ыдыратып, витамин К, биотин, ниацин жана фолий кислотасын өндүрөт. Ошондой эле кандагы холестеринди азайтууга жардам берет. Тамак сиңирүүнү жакшыртып, ичегилердин кыймылдаткыч функциясын нормалдаштырат, шишик, метеоризм жана коликти жок кылат. Максилин антибиотик терапиясынан кийин ичеги микрофлорасын калыбына келтирет. Тагыраагы, адамдар антибиотикти ичип, организмдеги микроб, инфекцияларды өлтүрүүгө аракет кылышат. Бирок, пайдалуу бактерияларды кошо жок кылып алышат. Ошон үчүн антибиотик алганда иммунитет түшүп, адамда кошумча дарттар жаралат. Тагыраагы, пайдалуу бактериялар жок болгондон кийин тамак сиңбей баштайт. Максилин ошол жарактан чыккан пайдалуу бактерияларды пайда кылып, адамдын өмүрүнүн узарышына, ден соолугунун чыңалышына шарт түзөт.
-- Сиз өзүңүз максилиндин пайдасын көргөнсүзбү?
-- Пайдасын көрбөсөм минтип айтпайт элем да. Анткени, максилин менен инсульт алган жолдошумду бутуна тургуздум. Канчалаган адамдардын жакшы болгонун өз көзүм менен көрдүм. Дарылык касиетине ишенгеним үчүн айтып жатам. Алтургай түшүп калган чачтар кайра чыгып, агарган чачтар карайып баштаганын байкадым.












