Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кедейлик ой-туюмга каршы кантип күрөшөбүз?

Кедейлик ой-туюмга каршы кантип күрөшөбүз?

21-сентябрь, 01:12
623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сиздеги кедейлик психологиясы менен күрөшүүнүн жолдору тууралуу сөз кылалы.

Өзүңүздү аябаңыз!

Жумуштан чарчаган кезде «мен чарчадым» деген ойдон арылыңыз. Уйкуңуз канбаса, күнү бою “дагы бир-эки саат уктап алышым керек эле” деген ой менен жүрбөңүз. Маанилүүсү, сиздин түндө уктаганыңыз эмес, бүгүнкү күнүңүздүн кандай өткөндүгүндө. Бир күндү ушундай ой менен кор кылып өткөрүп алууңуз мүмкүн.

Нааразылана бербеңиз!

«Менин айлыгым эч нерсеге жетпейт! Акчадан кыйналып кеттим!» деген сөздөрдү көп айтасызбы? Ойлонуңузчу, ушуну айткандан баштап сиздин айлыгыңыз өстүбү, өссө акчаңыз жетип жатабы? Албетте, жок. Минтип нааразылануу эч пайдасыз. Өзүңүздү кыйнай бербеңиз, жумушка карата кызыгууңуз калбай каларын жакшы билесиз.

Барга шүгүр, жокко каниет кыл! Дүнүйө эч кимге эч качан жеткен эмес

Байыган адам дагы байыгысы келет. Баардык нерсенин кадырын билиңиз. «Канааттанган адамдын курсагы ток болот». Шүгүрчүлүк кылууну унутпаңыз.

Баардыгын акча менен байланыштырбаңыз!

“Акча көп болсо, бактылуу болмок элем” деп көп ойлоноруңуз белгилүү. Көп акча ийгиликтин, бакыттын, кубанычтын ачкычы болгон эмес.

Баардыгы бир убакта болбойт!

Ушуну жакшылап түшүнүү керек. Мисалы, сиз соода менен алектенип, алгач көп чыгымга учурадыңыз дейли. Мындан улам эч качан “соодада жолум болбойт” деп түшүнүү жаңылыштык. Балким кийинки жолу ийгилик сизге жылмаят?..


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер