Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көңүл буруу жана кам көрүү – сүйүүнү өстүрөт

Көңүл буруу жана кам көрүү – сүйүүнү өстүрөт

12-сентябрь, 09:52
1 091 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Москвада дизайнерлик кесипти аркалап, ийгиликтери менен аялзатына жарык чачкан айым Венера Бокотаева байкалбаган, бирок өтө керектүү кеңештери менен бөлүштү.


Коркууну жеңүүнүн бирден-бир жолу – качуу эмес, аракет кылуу

-- Мен күн сайын камыр жасап турам. Күйөөм колго жасалган камыр тамактын кайсы гана түрү болбосун жакшы көрөт. Демек, ал жакшы көрсө, мага жасап берүү кыйын деле эмес. Андан тышкары, көп-көп, тез-тезден тамак бышырганда, ылдамдыкка жана даамга өбөлгө түзгөн кичинекей нерселерди байкай баштасаң болот. Бирок, кептин баары бул жөнүндө эмес...

Мен сиздерге белгисиз болгон коркуу сезими жөнүндө айткым келет. Мисалы, менде “кантип камыр жасайм?” деген коркунуч болгон. Ал коркуу сезими камыр жасоо учурунда жоголду. Эмне үчүн бизге коркуу сезими керек? Чындыгында алар бизге жашоо куралы катары зарыл. Эгер сиз бир нерсе жасоодон корксоңуз, анда биринчи кезекте эмне кылыш керек? Коркууну жеңүүнүн бирден-бир жолу – качуу эмес, аракет кылуу. Корккон нерсени ойлонуунун ордуна, жасай баштаганда, коркуу сезими жоголот. Адам коркуу сезими менен бетме-бет кездешкенде гана жеңе алат.

Коркуу – максаттардан кол жууп калбоого үйрөтөт. Коркуу  айла-амалдуу жин сыяктуу, алар кулагыңа шыбырашат: «Токтот, багын, биз чындыгында жеңилебиз” деп турат. Коркуу сезимин баспаңыз, аларды коркпой эле анын көзүнө карап, "сен жөн гана ойсуң, андан башка эч нерсе жок” деңиз. Алар кайрадан пайда болгондо, жөн гана жылмайыңыз. Эгерде мен коркуу сезимин жеңе албай калсам, жолдошум бактылуу болбой (нааразы болуп), мен дагы күнөөлүү болуп калмакмын. Күнөө – коркуудан да жаман!


Чыныгы сүйүүнү мелодрамалардан гана көрүүгө болот

-- Жөндөн-жөн гана сүйүп калуу деген нерсе болбойт. Бул нерсени мелодрамалардан гана көрүүгө болот. Кинолордо гана эч нерсесине карабай, бири-бирин таза сүйүү менен сүйө алышат. Чыныгы жашоодо мындай болбойт. Чыныгы сүйүү эч качан жоктон пайда болбойт. Ал ар дайым өсүп чыккан өсүмдүк сыяктуу эле адамды сыйлап-урматтоодон жана суктанып, бапестеп кароодон, жакындыктан, сүйүүдөн, достуктан, жагымдуу көз ирмемдерден, учурлардан, бири-бириңизге көңүл буруудан келип чыгат. Бири-бирин түшүнүү менен бири-бирине көнүп калуу, сый-урмат, бири-биринин көңүлүн алуу жана боорукерлик, көңүл буруу жана кам көрүү аркылуу сүйүүнү өстүрөт.


Кандай эркекке турмушка чыкпоо керек?

-- “Кандай эркекке турмушка чыкпоо керек?” аттуу 1930-жылы Женевада басылып чыккан эмигранттык китебинде профессор Герлинг аялдар үчүн ошол кездеги акыркы ачылыштарга негизделген сунуштарды чогулткан. Ошол сунуштардын тизмеси менен таанышып алыңыздар! 

1. Өзүнүн жасаган иштери мыкты экендигине абдан ишенген адамга;

2. Өзүн өтө сүйгөн, күзгүдөн жөн өтүп кете албаганга;

3. Тез-тез, жума сайын же көп жолу сүйүктүүсүн алмаштырганга;

4. Картага (кумар оюндарына) жана алкоголго берилип кеткен адамга;

5. Тырмактарын тиштеп же тырмактары кир болуп болуп жүрсөОшондой эле тыкан (таза) эмес адамга;

6. Катуу (өтө) оорулуу кишиге турмушка чыгуунун кажети жок. Анткени жаш жубайлар негиздей турган үй-бүлө очогу санаторий эмес, тескерисинче, жаңы, дени сак муун төрөлө турган уя;

7. Өтө акылсыз адам катары белгилүү болгон адамга;

8. Адеп-ахлактык жактан (төмөн), анча маани бербей эле сүйлөгөнгө. Мисалы, калпычы адамга;

9. Максаты жок, аялы, балдары, андан кийинки алардын тукумдары үчүн татыктуу жашоого болгон ою жок кишиге;

10. Ачкөз (сараң) адамга. Андай адам аялына белек берүүнү, театрга алып барууну жана өзү каалаган жерде эс алууну каалабаган адам;

11. Аялы кубанычтуу жана бактылуу болушу керек экендигин билгиси келбеген адамга. Анткени анын (аялынын) маанайы жана ден соолугу үй-бүлөлүк жашоонун жыргалчылыгынын негизи;

12. Тең салмактуу мүнөзгө ээ эмес адамга;

13. 5 мүнөт эч нерсе кылбай бир жерде отура албаган адамга;

14. Ит үрүп атканга окшош же айнектин сынганына окшош үнү бар жигитке. Анткени мындай үн талашып-тартышуунун (быжылдактык) жана сабырдуулугунун кандай экенинин көрсөтөт. Ошондуктан бул киши эч кандай боорукер эмес болуп саналат;

15. Үй-бүлөдөгү жалгыз уулга жана аярлаган балага турмушка чыгууда өтө акылдуу болгула. Мындай эркектер инфантилизмде (артта) калышат. Анткени, турмуштан жапа чеккен аял (энеси) көп бала төрөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганда жогорудагы нерселер келип чыгат;

16. Сизден 12 жашка улуу же 12 жашка кичүү, же өтө эле улууга. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер